Биз autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарындагы бааларды (баалар дээрлик бирдей) изилдедик. Окурмандарга ылайыктап ар бир маркадагы унаанын орточо баасы көрсөтүлдү.
Инфографикада чыгарылган жылы жаңы болгон унаалардын орточо наркы берилген.
Көп сатылган 10 унаага төмөнкүлөр киргизилди:
- Honda Odyssey II;
- Subaru Outback;
- Toyota Ipsum;
- Honda Stepwgn II;
- Honda Stream;
- Toyota Caldina;
- Volkswagen Passat B5;
- C-класстагы Mercedes W203;
- Audi A6 II;
- Suzuki Liana.
Мында Toyota Ipsum жана Suzuki Liana маркасындагы автоунаалар арзандаган. Декабрдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу алардын наркы 200-1000 долларга чейин түшкөн.
Ошол эле учурда баасы өскөн машиналар да бар. Мисалы, Volkswagen Passat B5 100-400 долларга кымбаттаган. 2000-2002-жылы чыгарылган Audi A6 унаасынын наркы да 200 долларга жогорулаган.
Серепчилер баанын кескин арзандап кетишине муктаждык жана айрымдарынын абалы себеп болгонун белгилешет. Алардын наркы орточо бааны чыгарууга таасирин тийгизиши мүмкүн.