https://sputnik.kg/20210319/bishkekte-dagy-ehki-kocho-remontko-zhabyldy-1051826397.html
Бишкекте дагы эки көчө оңдоо үчүн жабылды
Бишкекте дагы эки көчө оңдоо үчүн жабылды
Sputnik Кыргызстан
Мэрия бул жылы 27 көчөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө жалпысынан узундугу 16,5 чакырымга жеткен жерге ремонт иштерин жүргүзүүнү пландап жатат. 19.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-19T14:12+0600
2021-03-19T14:12+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
коом
бишкек
көчө
ремонт
https://sputnik.kg/img/07e5/03/13/1051825556_4:0:1000:563_1920x0_80_0_0_32e8cd070cdc102c91659550a39e682e.jpg
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкекте дагы эки көчө оңдоо үчүн жабылып, унаа кыймылына чектөөлөр коюлду. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.Капиталдык ремонт Васильев көчөсү (Манас проспектисинен Түлөбердиевге чейин) жана Чыгыш-5 кичи районундагы Армейская (Кийизбаевден Мамбетовго чейин) көчөсүндө башталды.Мындан тышкары, төмөнкү беш көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат:Мэрия бул жылы 27 көчөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө жалпысынан узундугу 16,5 чакырымга жеткен жерди ремонттоону пландап жатат.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/13/1051825556_104:0:1000:563_1920x0_80_0_0_55fc84fa3e52f2b82a47db14402ffbef.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, коом, бишкек, көчө, ремонт
жаңылыктар, кыргызстан, коом, бишкек, көчө, ремонт
Бишкекте дагы эки көчө оңдоо үчүн жабылды
14:12 19.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мэрия бул жылы 27 көчөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө жалпысынан узундугу 16,5 чакырымга жеткен жерге ремонт иштерин жүргүзүүнү пландап жатат.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкекте дагы эки көчө оңдоо үчүн жабылып, унаа кыймылына чектөөлөр коюлду. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Капиталдык ремонт Васильев көчөсү (Манас проспектисинен Түлөбердиевге чейин) жана Чыгыш-5 кичи районундагы Армейская (Кийизбаевден Мамбетовго чейин) көчөсүндө башталды.
Мындан тышкары, төмөнкү беш көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат:
- Исакеев көчөсү (Ауэзовден Валихановго чейин);
- Шевченко көчөсү (Жибек жолунан Мичуринге чейин);
- Леваневский көчөсү (Лев Толстойдон Асаналиеге чейин);
- Гражданская көчөсү (Төрөкул Айтматовдон Курманжан даткага чейин);
- Каховский көчөсү (Тимур Фрунзеден Кривоносовго чейин).
Мэрия бул жылы 27 көчөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө жалпысынан узундугу 16,5 чакырымга жеткен жерди ремонттоону пландап жатат.