https://sputnik.kg/20210317/nachar-ujku-kop-oorulardy-zharatat-1051798987.html
Сооронбаев: начар уйку инфаркт, инсульт жана кант диабетин чакырат
Сооронбаев: начар уйку инфаркт, инсульт жана кант диабетин чакырат
Sputnik Кыргызстан
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Сооронбаев жакшы уктабаган адамда кант диабети, жүрөк оорулары, инсульт пайда болуп, ден соолук кескин начарлап... 17.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-17T14:12+0600
2021-03-17T14:12+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
талант сооронбаев
уйку
инсульт
инфаркт
кант диабети
https://sputnik.kg/img/07e5/03/11/1051799048_0:136:3072:1864_1920x0_80_0_0_37631cb222e43365ad76d553a417aba4.jpg
Сооронбаев: начар уйку инфаркт, инсульт жана кант диабетин чакырат
Sputnik Кыргызстан
Сооронбаев: начар уйку инфаркт, инсульт жана кант диабетин чакырат
Ар бир адам уйкусуна көңүл бурбаса көп оорулар күчөп, организмди терс өзгөрүүлөргө дуушар кылат. Мындай маалыматты Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.Анын айтымында, адам өлүмүнө алып келген учурлар да уйкуга байланыштуу болот.Ошондой эле дарыгер жакшы уктабаган адамдарда бат семирип кетүү коркунучу болорун кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/11/1051799048_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_5faa8ffeff2952ec100078e94648fdf4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, талант сооронбаев, уйку, инсульт, инфаркт, кант диабети
коом, кыргызстан, талант сооронбаев, уйку, инсульт, инфаркт, кант диабети
Сооронбаев: начар уйку инфаркт, инсульт жана кант диабетин чакырат
14:12 17.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Сооронбаев жакшы уктабаган адамда кант диабети, жүрөк оорулары, инсульт пайда болуп, ден соолук кескин начарлап кетерин айтты.
Ар бир адам уйкусуна көңүл бурбаса көп оорулар күчөп, организмди терс өзгөрүүлөргө дуушар кылат. Мындай маалыматты Талант Сооронбаев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, адам өлүмүнө алып келген учурлар да уйкуга байланыштуу болот.
"Адам уктап жатканда дем алуусу начар болсо бул чоң көйгөйдү жаратат. Анткени уйку абдан маанилүү. Ар бир адам ден соолугу жакшы болуусун кааласа уйкусуна көңүл бурушу кажет. Эгерде адам уктап жатканда дем алганы улам токтоп кыйналса дарыгерге кайрылышы керек. Дүйнөдө миллиондогон адам түндө уктай албай жабыр тартат. Мисалы, жакшы уктабаган адамда кант диабети, жүрөк оорулары, инсульт пайда болуп, ден соолугу кескин начарлайт. Коңурук тартып, дем алганы улам токтогондордун 50 пайызында инсульт катталат. Жол кырсыктарынын натыйжасы да уйкусуздуктан келип чыгат. Негедир көпчүлүк уйкуга маани бербей жатат", — деди Сооронбаев.
Ошондой эле дарыгер жакшы уктабаган адамдарда бат семирип кетүү коркунучу болорун кошумчалады.