https://sputnik.kg/20210314/ayal-menen-ehrkektin-ortosunda-chynygy-dostuk-bolobu-1051763665.html
Аял менен эркектин ортосунда чыныгы достук болобу? Психологдун пикири
Аял менен эркектин ортосунда чыныгы достук болобу? Психологдун пикири
Sputnik Кыргызстан
Адистердин пикиринде, аял менен эркектин ортосунда достук болушу толук ыктымал. Болгону достук сезимди айрымдар сүйүү же сексуалдык тартылуу катары кабыл алат. 14.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-14T10:26+0600
2021-03-14T10:26+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
психология
аял
эркек
достук
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0d/1051763704_0:100:1920:1185_1920x0_80_0_0_e6de4e0500159f45a2e2e8729f29ae20.jpg
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Аял менен эркектин ортосунда чыныгы достук болобу жана дос болгусу келген кыз менен жигиттин негизги катачылыктары эмнеде? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине клиникалык психолог Мария Зеленова жана үй-бүлөлүк психолог Евгений Корчмарек айтып берди.Зеленованын пикиринде, достук аял-эркегине карабай, бардык эле адамдардын ортосунда болушу толук ыктымал.Ал эми Евгений Корчмарек кээ бир учурда аял-эркектин ортосундагы жактыруу мамилелери, тескерисинче, достукка айланып кетерин айтат.Кээде үй-бүлөлүү же жөн гана башын башка адамга байлап койгон кишилердин ортосунда жактыруу сезими пайда болот. Бирок алар сүйүү мамилесинде боло албарын так түшүнүп, бирок бири-биринен кол үзүп коё алышпайт. Мындай учурда ачык сүйлөшпөсө дагы, өздөрү үчүн эрежелерди коюп алып, дос катары мамилесин улай беришет", — дейт психолог.Адистин айтымында, мындай достордун ортосунда тамаша-чынга аралаштырып сезимин билдирип, бири экинчисине көңүл кош эмес экенин билдирген учурлар көп болот.Мындан тышкары, психологдор кээ бир учурларда капысынан болгон сексуалдык мамилелерден кийин деле достук мамилесин сактап калып, кийин көп жылдар бою кол үзүшпөгөн адамдар бар экенин кошумчалашты.Негизгиси адистер киши мамиле куруп жаткан адамдан эмнени каалап жатканын өзү үчүн так аныктап алууну туура деп эсептейт.
https://sputnik.kg/20210130/ehmnege-zhash-zhigitter-kuru-nasymka-bat-aldyrat-1051278314.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/0d/1051763704_0:0:1886:1185_1920x0_80_0_0_18a6ab1dba24d714c2a772edb9e923a9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, психология, аял, эркек, достук
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, психология, аял, эркек, достук
Аял менен эркектин ортосунда чыныгы достук болобу? Психологдун пикири
10:26 14.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Адистердин пикиринде, аял менен эркектин ортосунда достук болушу толук ыктымал. Болгону достук сезимди айрымдар сүйүү же сексуалдык тартылуу катары кабыл алат.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Аял менен эркектин ортосунда чыныгы достук болобу жана дос болгусу келген кыз менен жигиттин негизги катачылыктары эмнеде? Бул тууралуу
РИА Новости агенттигине клиникалык психолог Мария Зеленова жана үй-бүлөлүк психолог Евгений Корчмарек айтып берди.
Зеленованын пикиринде, достук аял-эркегине карабай, бардык эле адамдардын ортосунда болушу толук ыктымал.
"Достук — бул эки же бир нече адамдын ортосундагы өзгөчө эмоционалдык байланыш. Мындай учурда адамдар бири-биринин жанында болуп, кеңешин угуп, колдоо көрсөткүсү келет. Мындай мамиле эркек менен аялдын ортосунда деле болот. Бирок экөөнүн бири же экөө тең муну сүйүү же сексуалдык тартылуу катары кабыл алат. Ошол учурда экөө достуктун чегинен чыгып, өтө "жакындап" кетишет. Кийин гана туура эмес кылганын сезип, бири-биринин алдында ыңгайсыздык жаралат. Ушул учурда достук бузулат", — деди адис.
Ал эми Евгений Корчмарек кээ бир учурда аял-эркектин ортосундагы жактыруу мамилелери, тескерисинче, достукка айланып кетерин айтат.
Кээде үй-бүлөлүү же жөн гана башын башка адамга байлап койгон кишилердин ортосунда жактыруу сезими пайда болот. Бирок алар сүйүү мамилесинде боло албарын так түшүнүп, бирок бири-биринен кол үзүп коё алышпайт. Мындай учурда ачык сүйлөшпөсө дагы, өздөрү үчүн эрежелерди коюп алып, дос катары мамилесин улай беришет", — дейт психолог.
Адистин айтымында, мындай достордун ортосунда тамаша-чынга аралаштырып сезимин билдирип, бири экинчисине көңүл кош эмес экенин билдирген учурлар көп болот.
Мындан тышкары, психологдор кээ бир учурларда капысынан болгон сексуалдык мамилелерден кийин деле достук мамилесин сактап калып, кийин көп жылдар бою кол үзүшпөгөн адамдар бар экенин кошумчалашты.
Негизгиси адистер киши мамиле куруп жаткан адамдан эмнени каалап жатканын өзү үчүн так аныктап алууну туура деп эсептейт.