00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Рыскуловдун "конокко кечигип келгенин жактырбаган" Жумадылов. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Бала көтөргөн актер Советбек Жумадылов, кичинекей Насрет Дубашев, Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова жана СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун сүрөтү 1966-жылы Суусамыр жайлоосунда тартылган.

Ал жылы Ленинград шаарындагы Киноинженерлер институтунун электротехника факультетин аяктап жаткан Төлөмүш Океев дипломдук иши катары "Бакайдын жайыты" тасмасын тарткан.

Аталган кинокартинаны жаратууда сүрөтчү кызматын аркалаган Сагынбек Ишенов ошол кезеңди мындайча эскерет:

"Ал жылдары мен Москвадагы Станиславский атындагы театрда башкы сүрөтчү болуп иштеп жүргөм. Бир күнү жумушка Төлөмүш келип "Бакайдын жайытынын" сценарийин окутту. Чынын айтканда, башында аны Москвадан жактырбай, кабыл албай койгон. Жазуучу Чыңгыз Айтматов ортого түшүп комиссиядан өткөрүүгө жардамдашкан. Кийин өзүм сүрөтчү катары фильмди тартууга ылайыктуу жер издеп тоо аралап, жайлоолорду кыдырдым. Ошентип Суусамыр жайлоосундагы Жыламыш суусунун тушунан тартууну ылайык көрдүк. Ал жердин тоолору бийик, чөптөрү жакшы өсүп, шаркырап чоң суу агып турчу. Бир күнү ошол жакка режиссер Төлөмүш Океев, оператор Кадыржан Кыдыралиевди автоунаа менен атайын алып барып көргөзүп, сүрөттү Суусамырда тартып калганбыз. Ал эми актердук курам аябай күчтүү эле. Актриса Алиман Жангорозова Нарын театрынан чакыртылып келген. Муратбек Рыскулов ат минип, тоодо кайраттуу Бакайдай жүрчү. Актер кээде комуз чертип, жайлоодо балык кармаганды жакшы көрчү. Советбек Жумадылов өзүнүн образына жасалмасы жок эле жуурулушуп кеткени бизди аябай кубанткан. Кичинекей Дубашев камера алдында ээн-эркин ойночу, башкалардай болуп коркуп койчу эмес. Тасмага чыныгы залкар таланттар тартылган", — деди Ишенов.

"Бакайдын жайыты" көрүүчүлөргө сунушталганда Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград жана Душанбедеги эл аралык фестивалдарда абройлуу сыйлыктарга татыган.

Кинофильмде Бакайды Муратбек Рыскулов, анын байбичеси Урумду Алиман Жангорозова, алардын уулу Калыктан образын Насрет Дубашев жана Алымдын ролун Советбек Жумадылов аткарган.

Аталган эмгектеги сейрек ирмемдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0