Галина Байтерек: Жапаровдун атын жамынгандарды жоопкерчиликке тартуу керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСовещание президента КР с руководителями структурных подразделений аппарата президента
Совещание президента КР с руководителями структурных подразделений аппарата президента - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Маалымат катчы баса белгилегендей, президенттин аты менен макамына жамынган айрым жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек айрым адамдар Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш кылары жөнүндө билдирүүлөргө комментарий берди.
Анын айтымында, акыркы кезде медиа мейкиндигинде президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен иш алып барып жатам деген адамдардын билдирүүлөрү пайда болду. Бул адамдардын аттары ар кандай жаңжалдар менен чыр-чатактарда аралашып жүрөт.
"Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгү маалында эле "өз" жана "жат" деп бөлбөстүгүн билдиргенин эске салгым келет. Эч кимге эч кандай колдоо болбойт. Садыр Жапаровдун бул позициясы азыр дагы өзгөргөн жок", — деди Байтерек.
Маалымат катчы баса белгилегендей, президенттин аты менен макамына жамынган айрым жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен бармай болду
"Мен кыргызстандыктарды президенттин атын жаманатты кылган адамдарга ишенбей, укук коргоо органдарына токтоосуз кайрылууга чакырам. Бул нерсе мамлекеттик башка жогорку кызматтагылардын жана саясатчылардын колдоосуна жамынып жүргөндөрдүн баарына тиешелүү. Бул сыяктуу аракеттер — мамлекеттик реформаларга болгон чыныгы чагымчылык. Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан саясат, тескерисинче, ушундай мыйзамсыз иш-аракеттерден арылууга багытталган", — деди Байтерек.
Маалымат катчы Жапаровдун "ал тургай туугандарымдын бири мыйзам бузганы аныкталса, жоопкерчиликке тартылат. Кадр саясаты чиновниктер менен саясатчылардын туугандык байланыштары аркылуу эмес, кесипкөйлүк жана жоопкерчилик принциби менен жүргүзүлөт" деген сөзүн эске салды.
"Чындыгында акыркы 10 жылда кыргызстандыктар мыйзам бузгандардын көптөрү бийлик чөйрөсүнөн баш калка таап алышканына көнүп калган. Анын үстүнө алар жогорку кызмат адамдарынын атын жамынып алып, кылмыш жасай беришкен. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, айрым жогорку мамлекеттик кызматкерлер өздөрү бир нече жолу кылмыш жасагандыгы үчүн кармалышып, соттолушкан. Алардын айрымдары дагы деле качып жүрүшөт, алар укук коргоо органдары менен эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан изделүүдө. Эми мындай туура эмес тажрыйбаны жок кылуу үчүн Кыргызстандын бардык жарандары биригиши керек. Чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер өз чөнтөктөрү же туугандары менен дос-тамырларынын кызыкчылыгы үчүн эмес, эл үчүн иштеши керек", — деди маалымат катчы.
Ал ошондой эле реформалардын бардыгы ушул сыяктуу мыйзамсыз системага каршы багытталганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0