00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Унаалар, акча жана "оңой утуштар": интернет-лотереялардын тузагына түшүп калбоо жолдору
11:04
25 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Айыл чарбадан инвестицияга чейин: Таластын экономикасы кандай өнүгүп жатат?
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ачык кеп
Кыргыздардын этногенези: тарыхый-культурологиялык изилдөө кандай жүргөн?
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Чокморова: 41 миңден ашуун адам гепатит менен каттоодо, эмдөө – алдын алуунун эң натыйжалуу жолу
21:09
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Камчы Көлбаев атайын эсепке 50 млн. сом которуп, дагы 200 млн. мойнуна илинди

© Sputnik / Табылды КадырбековБарсетканын ичиндеги бир миң сомдук купюралар. Архив
Барсетканын ичиндеги бир миң сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
УКМК Көлбаевге карата дагы бир кылмыш иши козголгонун маалымдап, анын алкагында мамлекетке дээрлик 50 миллион сом кайтарылганын билдирди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакындары депозиттик атайын эсепке 49,6 миллион сом которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Маалыматка караганда, Көлбаевге карата кылмыштуу каражатты адалдоо (250 миллион сом) боюнча дагы бир иш козголгон.
"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Көлбаевдин жакын адамдары атайын эсепке 49,6 миллион сом которду. Учурда каражаттын калганын мамлекетке кайтаруу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Акыркы мөөнөт — 2021-жылдын апрель айынын аягы", — дешти УКМКдан.
Эске салсак, Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында алынган маалыматтын негизинде колго түшүрүлгөн.
Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев кайрадан шайланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2020
Көлбаев кайрадан Дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланды
Материалдар Кылмыш кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") боюнча катталган.
24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев тергөө бүткөнгө чейин камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кийин Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз түшүп, бирок аны жактоочулар кайра артка кайтарып алышкан.
Ноябрь айынын аягында Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 колонияга которулуп, ошондон бери аталган абакта кармалып келген. Бирок кримтөбөлдүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум 2-мартта өтүп, эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0