00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жогорку окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге жеткиликтүү билим берүү
11:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Рекорд! РКӨФ быйыл өлкө экономикасына 225 миллион доллар инвестиция салды
13:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
с Таалайбеком Ороскуловым
14:05
60 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Поддержка молодёжных инициатив – о конкурсах для молодых творческих школьников и студентов от АНО «Евразия»
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп
17:04
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Выход из тени и послабления для бизнеса — как 2025 год прошел для предпринимателей КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров өлкө кандай өзгөрүп жатканын айтып берди. Президенттин маегинен тезистер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине маек учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын Казинформ маалымат агенттигине маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Президент коңшу мамлекеттер менен бир туугандай мамиле кура турганын айтып, чет өлкөдөн келген инвесторлор толук коргоого алынарын белгилеген.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине коңшу өлкөгө боло турчу сапары, чет өлкөлөр менен болгон мамиле жана Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун сөзүнөн тезистер:
Бүгүнкү күндө бизде бардык сферада мыйзамдар иштеп жатат. Мурдагы жетекчилер, министрлер, чоң аткаминерлер камалууда. Иштеп кеткенине же азыр иштеп жатканына карабастан күнөөсү болсо жетекчилер кылган ишине жараша жазасын алат. Тийиштүү тараптарга "эгер жалган жалаа жаап, камап кое турган болсоңор өзүңөр жоопкерчиликке тартыласыңар" деп айтып жатам;
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жапаров бош убактысында эмне менен алектенерин айтты
Кыргызстанда 30 жылдан бери коррупция гүлдөп-өскөн. 300 үй-бүлө байып, калганы жакырланып кеткен. 30 жылдан бери чирип калган системаны жипке тизгендей алып кетүү үчүн 2-3 жыл керек;
Биз мурдагылардын катасын кайталаган жокпуз. Шайлоо таза өттү. Жакында жергиликтүү шайлоо, референдум өтөт, күзүндө парламенттик шайлоо болот, баарын таза өткөрөбүз;
Мыйзам менден баштап кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болот;
2-3-мартта Казакстанга расмий иш сапарым менен барам. Андан кийин Өзбекстан, Кытай, Түркия өлкөлөрүнө барам. Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди жогорку деңгээлге жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Биздин саясатыбыз ушундай;
Кыргыз-казак мамилесинде чечилбеген маселелер жок. Майда-чүйдө маселелер бар, аны сүйлөшүп чечип алабыз;
Мен келгенден баштап бардык инвесторлорду коргоого алдык, бирок толук кандуу ишке аша элек. Өкмөттүн алдында инвестиция боюнча агенттик бар, жаңы Конституция кабыл алынса, ал президенттин көзөмөлүндөгү улуттук агенттикке айланат. Инвесторлорго басым жасала турган болсо, агенттик алардын кызыкчылыгын коргойт;
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казинформ агенттигине берген маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жапаров: бала кезде Брежневдей болом деп кыялданчумун
Токтогул суу сактагычында суу азайды. Ушул деңгээлде кете берсек келерки жылы катастрофалык абалга тушугабыз. Ошондуктан Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо маселесин карап жатабыз;
Казакстан Кыргызстанга 1 миллиард киловаттка жакын электр энергиясын экспорттоого макулдугун берди;
Өзбекстан жана Тажикстан менен делимитация, демаркация маселесин 1-2 жыл ичинде бүтүрөбүз деп үмүт кылып жатабыз;
Азия, Орто Азия өлкөлөрүн Европа менен байланыштыра турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча улуттук долбоорубуз бар. Жибек Жолун өркүндөтүп, ортодо турган мамлекет катары биз дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер менен дипломатиялык байланышты жолго коё алабыз деп ишенем;
Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык дейт, коңшу мамлекеттер менен бир туугандай мамиле түзөбүз.
Жаңылыктар түрмөгү
0