Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл тургуну. Архив
Айыл тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
7-февралга караган түнү тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы мүмкүн.
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жекшемби, 7-февралда, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткенде +11...+16, Ысык-Көл облусунда +4...+9 градус жылуу болсо Нарын аймагында +4...-1 градуска чейин түшүшү мүмкүн.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ошто +13...+15 градусту көрсөтүп турары болжолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0