ӨКМ: абайлагыла, жол тайгак болот, көчкү түшүшү мүмкүн!

© AFP / JOHANNES EISELEЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
Министрликтен жолго чыккандар өз коопсуздугу үчүн автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керектигин эскертти.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. 1-3-февраль аралыгында күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордогу жолдордо кар көчкү түшүп, күрткү жаралышы мүмкүн. Андыктан жолго чыккандарды сак болууга чакырабыз. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.
"Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жолунун 68-100 чакырымдарында ("Чапчыма" ашуусу) жана Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүп, күрткү жаралышы мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгалак болот", — деп айтылган маалымтта.
Министрликтен жолго чыккандар өз коопсуздугу үчүн автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керектигин эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0