Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбаев: Таласта ЕАЭБ аймагына эт экспорттогон ишкана ачылат

© Sputnik / Асель СыдыковаӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Жыргалбек Сагынбаев. Архив
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Жыргалбек Сагынбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Жыргалбек Сагынбаев Жер-Үй кенине курулган алтын комбинаты ушул жылдын 15-февралына чейин алгачкы продукциясын чыгарарын айтты.
Сагынбаев: Таласта ЕАЭБ аймагына эт экспорттогон ишкана ачылат
Талас облусунда ЕАЭБ өлкөлөрүнө эт экспорттогон комбинат курулат. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган эт комбинатын куруу иштерин "Жер-Үй" алтын комбинаты каржылайт.
"Инвесторлор менен жергиликтүү калктын ортосунда диалог түзүлүп, эки тарапка тең пайдалуу боло турган шарттарда иштөөгө үйрөнүшүбүз керек. Азыр кыргызстандыктар деле түшүнүп калды. Мисалы, Таластагы "Жер-Үй" компаниясын ала турган болсок, анын ишмердүүлүгүнө кайдыгер карабаган жергиликтүү тургундар мага бат-баттан келип турушат. Мен аларга инвесторлор алтын чыкканга чейин төлөгөн салыгы продукция өндүрүлө баштаган соң таптакыр башка суммага өзгөрөрүн түшүндүрүп келем. Жакында Талас облусуна ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына эт экспорттогон комбинат курулат. Муну менен жумуш орундары түзүлүп, ошол аймактын экономикасы көтөрүлөт", — деди Сагынбаев.
Аткаминер инвестор тартууда жергиликтүү калк менен туура сүйлөшүү жүргүзүү боюнча айыл өкмөт, аким жана башка тиешелүү жетекчилер атайын окутуулардан өтүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0