https://sputnik.kg/20210122/konshularda-covid-boyuncha-abal-kandaj-1051190536.html
Күчөп, азайып... Казакстан, Тажикстандагы COVID боюнча абал
Күчөп, азайып... Казакстан, Тажикстандагы COVID боюнча абал
Sputnik Кыргызстан
Акыркы учурларда COVID-19дун жаңы штаммдары табылып, айрым өлкөлөрдө кайрадан чектөөлөр киргизилүүдө. Коңшуларга көз салсак, бири вирустун азабын тартып жатса... 22.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-22T11:04+0600
2021-01-22T11:04+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
азия
борбор азия
казакстан
өзбекстан
тажикстан
коронавирус
дүйнөгө жайылган коронавирус
https://sputnik.kg/img/104880/91/1048809171_0:37:3067:1762_1920x0_80_0_0_1b60c81053ba2abf17fed7952d8c9320.jpg
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Казакстанда COVID-19 боюнча абал ого бетер курчуп, ооругандардын саны улам өсүп бара жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.Салыштыруу үчүн айта кетсек, 19-январь күнү коңшу өлкөдө 999 киши коронавируска кабылып, тогуз адам көз жумган. Эртеси күнү эле жуктургандардын саны 1 134кө чыгып, 11 адам каза болгон.Вирустун күчөп бара жатканын кызыл зонага алты аймактын (Нур-Султан шаары, Акмоло, Атырау, Костанай, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустары) кириши далилдеп турат.Ал эми Тажикстан эпидемиологиялык абал турукташып бара жатканын айтууда. Мындан улам өлкөнүн Республикалык штабы 1-февралдан тарта мечиттерге массалык түрдө барып, жума намаз окууга уруксат берди. Расмий маалыматтарга караганда, акыркы он күн ичинде өлкөдө бир дагы коронавирус жуктуруп алган учур аныктала элек. Саламаттык сактоо министрлиги январь айынын башында жалпысынан коронавируска кабылгандардын саны 13 308 киши экенин билдирген. Анын ичинен 90 киши каза болуп, калганы сакайып кеткени айтылат.Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча статистиканы жарыялабай калды. Бирок расмий түрдө кат жолдоп сурагандарга берет. Жон Хопкинс университети билдирген маалыматка караганда, бул коңшу мамлекетте вирус жугузгандардын саны 78 219га жетти. Алардын ичинен 620 киши көз жумду.Айрым ЖМКлар Кытайда кайрадан коронавирус көбөйүп жатканын айтууда. 21-январдагы маалыматка караганда, өлкө ичинде COVID жуктурган 144 киши аныкталды. Алардын ичинен 18 учур башка өлкөдөн кирген адамдарга тиешелүү.
https://sputnik.kg/20210122/virus-ehki-kishi-zhumup-118-adam-ooru-zhukturdu-1051189652.html
борбор азия
казакстан
өзбекстан
тажикстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104880/91/1048809171_78:0:2807:2047_1920x0_80_0_0_89704195c51db69551f6e6cdb4cbb59a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, азия, борбор азия, казакстан, өзбекстан, тажикстан, коронавирус, дүйнөгө жайылган коронавирус
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, азия, борбор азия, казакстан, өзбекстан, тажикстан, коронавирус, дүйнөгө жайылган коронавирус
Күчөп, азайып... Казакстан, Тажикстандагы COVID боюнча абал
11:04 22.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Акыркы учурларда COVID-19дун жаңы штаммдары табылып, айрым өлкөлөрдө кайрадан чектөөлөр киргизилүүдө. Коңшуларга көз салсак, бири вирустун азабын тартып жатса, башкалары абал турукташып калганын айтып, айрым чектөөлөрдү алып салууда.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Казакстанда COVID-19 боюнча абал ого бетер курчуп, ооругандардын саны улам өсүп бара жатат. Бул тууралуу
Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Өткөн суткада 1 430 кишиден вирус аныкталып, 13 бейтап каза болду", — деп айтылат кабарда.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, 19-январь күнү коңшу өлкөдө 999 киши коронавируска кабылып, тогуз адам көз жумган. Эртеси күнү эле жуктургандардын саны 1 134кө чыгып, 11 адам каза болгон.
Вирустун күчөп бара жатканын кызыл зонага алты аймактын (Нур-Султан шаары, Акмоло, Атырау, Костанай, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустары) кириши далилдеп турат.
Ал эми Тажикстан эпидемиологиялык абал турукташып бара жатканын айтууда. Мындан улам өлкөнүн Республикалык штабы 1-февралдан тарта мечиттерге массалык түрдө барып,
жума намаз окууга уруксат берди. Расмий маалыматтарга караганда, акыркы он күн ичинде өлкөдө бир дагы коронавирус жуктуруп алган учур аныктала элек. Саламаттык сактоо министрлиги январь айынын башында жалпысынан коронавируска кабылгандардын саны 13 308 киши экенин билдирген. Анын ичинен 90 киши каза болуп, калганы сакайып кеткени айтылат.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча статистиканы жарыялабай калды. Бирок расмий түрдө кат жолдоп сурагандарга берет. Жон Хопкинс университети билдирген маалыматка караганда, бул коңшу мамлекетте вирус жугузгандардын саны 78 219га жетти. Алардын ичинен 620 киши көз жумду.
Айрым ЖМКлар Кытайда кайрадан коронавирус көбөйүп жатканын айтууда. 21-январдагы маалыматка караганда, өлкө ичинде COVID жуктурган 144 киши
аныкталды. Алардын ичинен 18 учур башка өлкөдөн кирген адамдарга тиешелүү.