Кубатбек Боронов Финполго суракка чакырылды

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызстана Кубатбек Боронов
Премьер-министр Кыргызстана Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов Финполго суракка чакырылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине аталган мекемедеги маалымат булагы кабарлады.
Алардын айтымында, Боронов коронавирус пандемиясына байланыштуу даярдыктар боюнча суралат.
Экс-премьер-министр Финполго 12-январь саат 11:00гө чакыртылган.
Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0