Ысык-Көлдө адамдар массалык түрдө ташылып жатканы туурасында арыз түштү

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүСнег в Сочи
Снег в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК мүчөсүнүн айтымында, үгүт маалында шайлоо мыйзамын бузуу боюнча 61 даттануу түшүп, анын ичинен көбү тастыкталган эмес.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда шайлоо участкасына адамдарды массалык түрдө ташып жатканы туурасында арыз түштү. Мындай маалыматты БШК мүчөсү, арыз, даттанууларга ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө даттануулар бар. Бишкектеги үч добуш берүү участкасында урналар иштебей жатат.
"Ысык-Көл облусунда адам ташуу боюнча маалымат түшкөн. Өз убагында тийиштүү адистер чыгып кетти. Бул боюнча териштирип саат 12:00дө толук маалымат беребиз", — деди Шайназаров.
Ошондой эле үгүт маалында шайлоо мыйзамын бузуу боюнча 61 даттануу түшүп, анын ичинен көбү тастыкталбаганын билдирди. Ал эми мыйзам бузуу аныкталгандарына чара көрүлдү, айрымдарына кылмыш иши козголгон.
Шайлоочулардын катышуусу - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоодо добуш берүү кандай жүрүп жатат. Инфографика
Учурда Кыргызстанда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүп жатат. 17 талапкер өлкө башчылыгына ат салышууда.
Жалпы жонунан 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылды. 3 563 574 шайлоочу катталган.
Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: биринчисинде президенттикке талапкерлердин ысымы жазылса (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасы аныкталат (көк түстө).
Кыргызстандын аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0