Акчасы жок жигитмин, бирок 8 млн. долларга комбинат куруудамын... Мараттын маеги
20:15 08.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
Жазылуу
Марат Зарыпбек уулу болгону 28 жашта, бирок анын долбоору миңдеген кыргызстандык фермерлердин турмушун өзгөртүп кое алат. Ал Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу менен алектенүүдө. Ишкана аймактын экономикасын жакшы нукка бурарына ынандырат.
Кыялын жүзөгө ашырууга Марат Зарыпбек уулу жети жылын жумшаган. Жаш жигит бул мезгилде көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн жашырбайт. Баарынан да акча табыш кыйын болгон.
Эки жыл жер тилкеси менен түйшүктөнүп, айланасын тосуп, аймакты кайтарган. Кайра ишкер катары костюм кийип, инвесторлорго жолугушууга барат. Алар долбоорду макташат, колдоо көрсөтүүнү убада кылышат, анан эле жоголуп кетишет.
Антсе да акыры Марат инвесторлорду тапты, жакында Балыкчыда чоң эт комбинаты ачылат. Ишканада мал гана союлбастан, тонналаган колбаса, чүчвара жана башка чала фабрикаттар жасалат.
— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
— Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында төрөлгөм. Атам – милиционер, апам медайым болгон. Дал мен төрөлгөн маалда Советтер Союзу ыдырап, каатчылык башталат. Атам майыптыгы боюнча пенсияга чыгат. Бир убактарда көп мекендештердей эле биз ачка да калып жүрдүк. Жакшы жашоону самап биздин үй-бүлө Бишкекке көчүп келет.
— Айылда ач калбайсың, адамдар дайым бири-бирин багат деп калышат го...
— Эмнеге андай дешет? Ооба, айылда шаардагыдай чыгым көп жок. Мисалы, маршруткага акча кетпейт, баары жөө жүрүшөт. Бирок чындап келсе чет жакада жакшы жашоо үчүн көп нерсе зарыл.
Эгер жумушуңуз, акчаңыз болбосо сизге кыйын эле. Тойлор, тажиялар өтүп турат, ал эми булардын баарына акча керек. Балдардын өнүгүүсү жөнүндө айтпай эле коеюн, азык-түлүккө да өтө аз акча калат. Айылда балдар үчүн курстар, өнүктүрүүчү мектептер жок. Мисалы, мен бала бакчага бир да күн барган эмесмин, ал эмне экенин билбей өскөм...
— Борбордо өзүңүздү аргасыз сезген учурлар болгон жокпу? Акчасыз, байланышсыз бир нерсеге жетүүгө болбосу айтылат эмеспи.
— Андай сезимдерге алдырган учурлар болгон. Атамдын жолун улап милиционер болгум келген, ИИМ Академиясына өттүм. Укмуш машиналарды минген, жакшы кийинген студенттер бар эле. Эмнеге мен анте албайм деген ойлор келе берчү. Себеби эмнеде экенине ой толгочумун.
Өзүмдү өзүм өнүктүрүүгө белсендим, бизнес жөнүндө тапкан китептердин баарын окудум. Талбай эмгектенүүгө туура келди, менин таржымалым – адам акчасыз жана байланышсыз да баарына жете аларына мисал. Жогорку кызматтагы аткаминерлердин арасында туугандарым жок, бирок азыр 8 миллион долларга завод куруп жатам.
— Бизнеске кандайча баш багып калдыңыз?
— Аскар Салымбековдун фондуна (белгилүү ишкер жана меценат — ред. тактоосу) чакырып калышты. Ал жаш лидерлер мектебин ачкан, биз анда каржылык сабаттуулук, чечендик өнөрдү үйрөндүк, бизнес түптөө боюнча айтып беришти.
Бир жолу Аскар Мааткабылович: "Сага милициянын кереги не? Ишкерликке бардык шыгың бар" – деп калды. Ага кулак салууну чечтим... Бирок бул мага дароо эт комбинатына акча беришти дегенди туюндурбайт! Оюмду ишке ашыруу үчүн жети жыл иштедим.
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулуМарат Зарыпбек уулу Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу менен алектенүүдө
1/4
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
Марат Зарыпбек уулу Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу менен алектенүүдө
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулуБалыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
2/4
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулуБалыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
3/4
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулуБалыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
4/4
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
1/4
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
Марат Зарыпбек уулу Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу менен алектенүүдө
2/4
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
3/4
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
4/4
© Фото / предоставлено Маратом Зарыпбек уулу
Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу
— Мындай ой сизге кайдан келди?
— Караколдогу мал базардан жергиликтүү фермерлер малын сата албай, арзыбаган акчага карматып жаткандарын көрдүм. Көйгөй аймактарда дээрлик эт сатып алышпайт, ал эми борбор калаада өлкөнүн булуң-бурчунан күнүнө болгону 150-200 баш гана керек.
Малды той жана тажияларга эле алышат, ошондуктан фермерлер кайда батырарын билишпейт. Аймактарды өнүктүрүү зарылдыгын, башка мамлекеттерге товар сатуу үчүн чоң, заманбап эт комбинатын куруу керектигин түшүндүм.
— Ишкананы эмнеге дал Балыкчыда курууну чечтиңиз?
— Баары ушуну сурашат. Долбоордо дал ушул шаарда курууну сактап калуу үчүн көп талашып-тартышууга туура келди. Совет убагында Балыкчы өнөр жай шаары болгонун, ири эт комбинаты иштеп турганын билчү белеңиз? Бул жер капысынан тандалган эмес, Балыкчы үч – Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын байланыштырып турат. Логистика боюнча бул эң мыкты вариант.
— Эт комбинатын ачууда эң татаал баскыч эмне болду?
— Акчаны, инвесторду табуу. Жер тилкесин 2016-жылы сатып алдык. Ошондон кийин Балыкчыда эки жыл жашап. Жерди кайтарып, пескоблок коюп жана башка иштерди жасадым. Чет элдик инвесторлор келгенинде костюм кийип, галстук тагынып, папка көтөрүп жолугушууга жөнөчүмүн.
Инвесторлор көптү убада кылышат, бирок кийин жоголуп кетишет. Дээрлик бир жыл күнү-түнү аркасынан чуркаткан кытайлык ишкерлер келген, кийин алардын эл аралык аферисттер экени аныкталды.
© Sputnik / Асель СыдыковаКыялын жүзөгө ашырууга Марат Зарыпбек уулу жети жылын жумшаган. Жаш жигит бул мезгилде көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн жашырбайт. Баарынан да акча табыш кыйын болгон
Кыялын жүзөгө ашырууга Марат Зарыпбек уулу жети жылын жумшаган. Жаш жигит бул мезгилде көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн жашырбайт. Баарынан да акча табыш кыйын болгон
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Эмнеге чет өлкөлүк ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салуудан баш тартышат? Ишенишпейби?
— Көпчүлүгү дароо өз үлүшүнүн өлчөмүн айтышкан жемкорлордун айынан бул жакта көйгөйлөрү болгон. Инвесторлор мындай нерселерден качышат. Аларга кол кабыш кылып, жардамдашуу керек, себеби жок дегенде бирөөнө жакса, ал башкаларга айтат, башкалар да тартылат. Ар бир инвесторго жармашыш керек.
— Акыры кайдан каражат таптыңыз? Долбоордун наркы бир далай акча.
— Ооба, 8 миллион доллар, биз бул боюнча ачык айтып келебиз. Теледеги жаңылыктардан Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун иши тууралуу, төмөн пайыз менен насыя берерин, алар менен иштөө пайдалуу экенин угуп калдым. Тапшырык бердик, алар жактырды.
Фонд сегиз жылга төрт пайыздык жылдык чен менен 2,5 миллион доллар бөлдү. Бул үчүн ага ырахмат! Калган сумманы ассоциациялардын бири жана белгилүү ишкер берди. Салынган каражатты 2-3 жылда актайбыз деп турабыз.
— Эт комбинаты кандай өндүрүмдөрдү чыгармакчы?
— Адегенде мал соебуз. Кийинки кадамдар суроо-талапка жараша болот, муздатылган эт өндүрүп, вакуумдук таңгакта ташууга болот. Кардарларга баарын: чийки сүрсүтүлгөн эт, колбаса, чала фабрикаттарды сунуштоого даярбыз. Ал түгүл устукандап да бере алабыз.
— Жергиликтүү тургундар ири ишканалардын курулушуна көп каршы чыгып келишет...
— Жок, жергиликтүү жашоочулар абдан жакшы кабыл алышты! Эт комбинаты экологияга таасир этпей турганын, өндүрүштөн кандайдыр жыт чыкпасын түшүндүрүү үчүн биз атайын презентация даярдаганбыз. Биздин жабдуулар Италиядан, абдан сапаттуу. Биз союлган малдын канын да, ичеги-карынындагы массаны да кайра иштетебиз.
— Кан кантип кайра иштетилет?
— Ал 95 пайызга кургатылып, үбөлөндү (порошок) түрүндө сатылат. Ит, мышык, балыктарга жем же жөн гана жер семирткич катары да пайдаланууга болот.
— Эт өндүрүшү — оңой-олтоң иш эмес, жакшы технологдор талап кылынат. Аларды кайдан табасыздар?
— Жакында италиялык адистер келет, алар бизге жергиликтүү жашоочулардан команда топтоого жардам берет. Маяна болжол менен 15-30 миң сомду түзөт. Кудай жалгап Балыкчыда совет убагында эт комбинатында иштеген адамдар калыптыр. Алардын баары бизде иштөөгө кызыкдар.
Биз 50 чакты кишини жумушка алууну пландадык, бирок иш башында гана ушундай. Мындан сырткары, миңдеген фермерлер бизге өнөктөш болот. Окутуп гана тим калбай, аларга көмөктөшөбүз. Мисалы, бир кишинин короо-жайы бар, бирок малы жетишерлик дейли, биз ага колдоо көрсөтө алабыз. Оголе чоң пландарды койдук.
— Бир маселе бар, Кыргызстанда өндүрүлгөн эттен антибиотик таап жатышат. Билишимче, малга гормон жана стероиддерди көп беришет. Бул менен кантип күрөшмөкчүсүз?
— Эң туура коюлган суроо. Биз бир нече айдан бери аймактарды кыдырып, кайсы дарыны малга кантип берүү боюнча фермерлерди окутуп келебиз. Андан тышкары биздин өз лабораториябыз бар. Анда канды текшерүү менен малга мурда антибиотик жана башка препараттар берилип-берилбегенин 15 секундда аныктап коет.
— Дүйнө жүзүндө пандемиянын айынан өндүрүштөр жыйыштырылууда, ал эми сиздер ачылып жатасыздар...
— Ооба, биз да жабыр тарттык, себеби жабдууларды Италиядан буюртма кылганбыз. Ал эми бул чек араларын биринчилерден болуп жапкан өлкөлөрдүн катарында болбодубу. Бизге да ишти токтотуп турууга туура келди. Чоң көйгөйлөргө тушуктук. Бирок эч нерсеге карабай үч айдан кийин, тагыраагы, мартта ачылууну пландадык.
— Статистикага үңүлсөк, Кыргызстан башка мамлекеттерге эт да эмес, колбаса менен тушенка да эмес, мал сатат. Эмнеге?
— Бизде тушенка, башка консервалар да, колбаса да чыгарылат, бирок аз көлөмдө. Анткени инвестиция жетишсиз. Эгер инвестиция болгондо биздеги даамдуу этти дүйнөгө даңазалай алар элек. Кудай буюрса, биз буга жетебиз!
Казынага миллиондорду төгөбүз, фермерлерге көмөктөшөбүз. Бул эт комбинаты мамлекетке да, бизге да, аймактын карапайым тургундарына да пайдалуу.