Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековСело Кашка-Суу в Аламудунском районе
Село Кашка-Суу в Аламудунском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-январга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 7-январь, бейшемби күнү, өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонууда. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда -2…-7, Ош, Жалал-Абад, Талас өрөөндөрүндө -4…+1, Баткен, Ысык-Көл аймактарында -3…+2, Нарында -8…-13 градусту түзөт.
Бишкек жана Ош шаарларында кар жаабайт. Термометр борбордо -3…-5, Ошто -2…-4 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0