Кечирим сурайбыз! Мэрия 185 кызматы убактылуу иштебей турганын эскертти

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКолл-центр кызматкери иш учурунда. Архив
Колл-центр кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын ыкчам кызматынын жумушу оңдоп-түзөө иштерине жана электр кубатынын өчүрүлүшүнө байланыштуу токтотулган.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясынын 185 номерлүү колл-борбору убактылуу иштебейт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мэриянын ыкчам кызматынын жумушу оңдоп-түзөө иштерине жана электр кубатынын өчүрүлүшүнө байланыштуу токтотулган.
Тагыраагы, 185 кызматы, 1850 жана 1840 кыска номерлери учурда  иштебейт.
Мэрия оңдоп-түзөө иштери аяктаганга чейин шаардыктардан 0(312) 591802, 0(312) 591817 номерлери аркылуу чалып турууну өтүндү.
Жаңылыктар түрмөгү
0