БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстанга чет элдик донорлордон 346,8 миллион доллар келип түштү. Андан сырткары дагы 427,6 миллион доллар алынары күтүлүүдө. Бул туурасында өкмөттүн 29-декабрга карата берген отчетунда көрсөтүлөт.
Кыргыз бийлиги пандемия башталгандан бери чет элдик банктардан 774 миллион 432,8 миң доллар алууга макулдашкан. Анын ичинен 597,4 миллиону кредит, 173,5 миллиону грант түрүндө берилмекчи болгон.
Деген менен макулдашылган каражаттардын келип түшүүсү октябрь айынан кийин солгундап кеткени байкалууда.
Алсак, 18-сентябрдагы маалыматта чет өлкө банктарынан 338,43 миллион доллар алынганы айтылган. Ошондон кийин ири суммада акча которуулар дээрлик болгон эмес.
Ал эми декабрь айынын башында өлкөгө 345,14 миллион доллар келип түшкөн. Айдын соңунда ага 1 миллион 863,8 миллион сом гана кошулган.