Таласта унаа өрттөнүп бир адам каза болду

CC0 / Pixabay / Carlos BarengoКүйүп жаткан унаа. Архив
Күйүп жаткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдирүү кечээ кечки саат бештерге жакын түшкөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын ээси түтүнгө ууланып каза болгон.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Талас шаарынын Байгабылов көчөсүндө Chevrolet Lanos үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, кырсык кечээ, 20-декабрь күнү, саат 16:28дер чамасында болгон.

"Автоунаанын мотору жана жүк салган бөлүгү күйгөн. Өрттүн кесепетинен автоунаанын 44 жаштагы ээси түтүнгө ууланып каза болгон", — деп жазылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0