UWW Тыныбекованын атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасын мыкты деп атады. Видео

© Фото / UWW / Kadir CALISKANКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын Дүйнө кубогу мелдешинин финалында
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын Дүйнө кубогу мелдешинин финалында  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыныбекова 9:0 эсебинде утуп жатканына карабай чабуулун улантып атаандашын так көтөрүп, беш упайлык ыкмага чапкан.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын Дүйнө кубогу мелдешинин финалында атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасын мыкты деп атады. UWW чемпион кыздын видеосун Instagram баракчасына жарыялаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда 62 килограмм салмакта чемпион болду. Чечүүчү финалдык кармаштын биринчи эле бөлүгүндө кыргызстандык спортчу кыз латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандык кыз 9:0 эсебинде утуп жатканына карабай чабуулун улантып, атаандашын так көтөрүп, беш упайлык ыкмада чапкан.

Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде да чемпион болгон.

Эскерте кетсек, Тыныбекова UWW уюму жакында эле кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбанды аныктоо боюнча жүргүзгөн сурамжылоосунда жеңүүчү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0