БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Быйыл экономиканын реалдуу секторундагы ишканалардын пайдасынын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 20 эседен ашык кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында ишканалар 1,7 миллиард сом пайда көргөн. Ал эми былтыр ушул эле мезгилде 37,1 миллиард сом түшкөн. Мында рентабелдүү ишканалардын үлүшү 28 пайыздан ашыгын (өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 35 пайызга жакынын) түзгөн.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу карантин жана чектөө чаралары киргизилгендиктен өндүрүштүк жана экономикалык ишмердиктин бардык түрү боюнча кирешенин төмөндөшү байкалган.
Аны менен катар чет элдик валюта менен карыз алгандар курстун жогорулашы менен олуттуу кыйынчылыктарды баштан өткөргөн.