Мамытов ЕАЭБ өлкө башчылары менен жыйынга катышты. Айтылган маселелер

Жазылуу
Президенттин милдетин аткаруучу уюмдун мүчөлөрү биримдиктин бирдиктүү тышкы соода саясатын жүргүзүүдө жакшы натыйжаларга жетишкендигин канааттануу менен белгилеген.

БИШКЕК, 11-дек. – Sputnik. ЕАЭБге мүчө болуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Биз биримдиктин алкагындагы маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча ачык жана конструктивдүү диалогду ар дайым колдойбуз. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов билдирди.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Мамытов бүгүн, 11-декабрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭБ) видеоконференция форматында өткөн отурумуна катышты.

Мамытов жолугушуунун өзөк маселесин — биримдикти өнүктүрүүнүн күн тартибин түзгөн жана жакынкы беш жылдагы анын ишинин негизги багыттарын аныктай турган Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты жөнүндө документти кабыл алуу маселесин козгогон.

"Стратегияга иштеп жаткан институттардын алкагында максаттуу каржылоонун механизмдерин жана программаларды киргизүү боюнча Кыргызстандын демилгеси камтылган. Анда биздин аймактык өнүктүрүү институттарыбыз тарабынан колдонулуп келген каржылоо ыкмаларын жаңылары менен толуктоо демилгеси каралган. Бул демилге биздин улуттук экономикабызда жана жалпы эле интеграциянын өнүгүү деңгээлиндеги ажырымдарды азайтууда чечүүчү ролду ойнойт деген ишенимдемин", — деди Мамытов.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын эң актуалдуу маселеси жалпы газ рыногун түзүү болуп саналарын кошумчалаган.

ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан менен Куба ЕАЭБге байкоочу мамлекет макамын алышты
"Бул маселе биздин кызматташуунун маанилүү артыкчылыктарынын жана өлкөлөрүбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуунун зарыл бөлүктөрүнүн бири. Кыргызстан газ жеткирүүдөгү өзгөчөлүктөрдү эске алып, биримдикке мүчө-мамлекеттердин ички муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн, анын кайсы өлкөдөн чыкканына карабастан, газды ташуудагы инфратүзүмгө жетишүү боюнча дискриминацияланбаган мамилени карап чыгышыбыз зарыл деп эсептейм", — деди Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу уюмдун мүчөлөрү Биримдиктин бирдиктүү тышкы соода саясатын жүргүзүүдө жакшы натыйжаларга жетишкендигин канааттануу менен белгилеген. Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, ошондой эле ички рынокту коргоо чаралары анын негизи болуп саналарын айткан.

"Евразия экономикалык биримдигинин өндүрүшчүлөрүн үчүнчү өлкөлөрдөн келген жосунсуз импорттон коргоо үчүн көрүлгөн чаралардын жакшы таасири өндүрүүчүлөрдүн гана пайдасына эмес, биздин өлкөлөрдүн ички базарларындагы атаандаштык шарттарынын эске алынышына дагы тийиши керек. Ошол эле учурда, иш-аракеттер жөнгө салынып, укуктук белгисиздикке жол берилбеши зарыл. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу ар кандай чектөөлөрдүн киргизилиши жана чек аралардын мажбур түрдө жабылышы, биздин өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнүн негизги себеби болгонун белгилегим келет. Мындай шарттарда өнөр жай жана агроөнөр жай кооперациясын күчөтүү өтө маанилүү. Анткени ал биримдиктин экономикасынын посткризистик мезгилдеги натыйжалуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жана ЕАЭБдин жогорку интеграциялык дараметин ачууга мүмкүндүк берет", — деди президенттин милдетин аткаруучу.

Бул өңүттөн алганда Талант Мамытов экономикалык шокту турукташтырууда жана жалпы эле Биримдиктин экономикасын колдоодо аймактык каржы институттарынын өзгөчө ролун баса белгилеген.

Ошондой эле ал биримдиктин негизги принциптеринин бири — жумушчу күчүнүн эркин кыймылына токтолгон.

Станция Новосибирск-Главный в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБдеги темир жолдун ишин жандантуу үчүн сунуштама даярдалды
"Кыргызстан биримдикке мүчө-мамлекеттердеги жумушчулар менен катар эле алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоо жана камсыздоо маселелерин демилгеледи. Социалдык жактан коргоо маселеси пандемия учурунда абдан курч байкалды. Буга байланыштуу жумушчулардын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандырууну жайылтуу маселесине кайтып келүү биз үчүн өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө коронавирустун жайылышы биримдикке мүчө-өлкөлөрдө жумушчу күчүнүн жетишсиздигине алып келди, анын ичинде жумушчулардын эркин жүрүшүнө чектөөлөрдү киргизүү бар. Кыргызстан зарыл болгон эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен ЕАЭБдин эмгек рыногуна чыгуунун кошумча механизмдерин түзүүгө жана аны талкуулоого даяр", — деди ал.

Талант Мамытов ошондой эле биримдикке мүчө-мамлекеттердин экономикасын санариптештирүү, заманбап санарип технологияларын жайылтуу бүгүнкү күндүн артыкчылыктуу милдети экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0