Бишкекте бүгүн боз үйгө арналган көргөзмө башталат

© Sputnik / Максим БлиновБоз үйдүн ичинде турган кыз. Архив
Боз үйдүн ичинде турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмө Бишкектеги көркөм сүрөт музейинде эки жумага чукул болуп, андан кийин Ош, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы музейлерде уланмакчы.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Куттуу боз үй" деп аталган көргөзмө ачылат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.

"Сүрөтчү Алтынай Осмоева кыргыздын касиеттүү боз үйүнүн түзүлүшүнөн, каада-салт сактаган салттуу маанилеринен эргүү алып, жаратмандык көз карашын, заманбап искусство жана дизайн аркылуу коомчулукка тартуулайт. Сүрөтчүнү шыктандырган боз үйдүн көрктүүлүгү, түзүлүшү жана философиясы кийизден жасалган заманбап искусство объектилеринде көрсөтүлөт. Сүрөтчүнүн көрүүчүлөргө арнаган жаратмандык көз карашындагы чыгармачыл "Алачык" ,"Кут", "Бата" инсталляциялары кыргыз элибизге таандык каада-салттар жана инновациянын байланышын түшүндүрөт", - деп билдиришти аталган фонддон.

Көргөзмөнүн визуалдык катарын жарык жана үн орнотуулар, сүрөттөр, видеотасмалар толуктамакчы.

Биле жүрөлү! Боз үйдү туура тигүүнү үйрөткөн видео - Sputnik Кыргызстан
Биле жүрөлү! Боз үйдү туура тигүүнү үйрөткөн видео
Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 11-декабрда саат 14:00 дө ачылат. Маданияттын, искусствонун жана билим чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жана жаштардын катышуусунда боз үй темасында талкуу да уюштурулат.

"Маданий каада-салттарды сактоо жана анын өнүгүшү, мурастарды чагылдырган заманбап искусствону өнүктүрүү, жалпы коомдун маданий агартуу маселелери талкууланат. Ошондой эле глобалдык өзгөрүүлөр доорундагы салттуу маданий баалуулуктардын жана кыргыз элинин каада-салт эрежелеринин нормалары бүгүнкү күндө зор мааниге ээ экендиги каралат", - деп айтылган маалыматта.

Көргөзмө Бишкектеги көркөм сүрөт музейинде эки жумага чукул болуп, андан кийин Ош, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы музейлерде уланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0