Эргүүгө айланган кыш... Адабият күнүнө карата поэзия кечеси өтөт

Жазылуу
Иш-чара 10-декабрда өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында, ал эми 11-12-декабрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде уюштурулат.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Улуттук адабият күнүнө карата "Эргүүгө айланган кыш" аталышындагы поэзия кечеси өтөт. Бул тууралуу Маалымат, маданият жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, иш-чара 10-декабрда өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында, ал эми 11-12-декабрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде уюштурулат.

"Поэзия кечесинде белгилүү акын, жазуучулар ыр окуп, аларды өнөр адамдары коштойт", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Алыкул Осмоновдун каза болгон күнүнө карата улуттук адабият күнү катары жарыяланган. Ал 2011-жылдан тарта өкмөттүн чечиминин негизинде белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0