Аялын өлтүрө сабап он жылдан кийин кармалган зөөкүр. Ноябрдагы соттук чечимдер

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи семейного насилия в КР
Случаи семейного насилия в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдеги фемида өкүлдөрү узап кеткен айда бир топ чуулуу, төбө чачты тик тургузган кылмыштарды карап чыгып бир катар чечимдерди кабыл алды.

Булардын арасында ымыркайларды саткан медицина кызматкерлери, аялын мыкаачылык менен өлтүрүп он жылга жоголгон эргулдун былыктары бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги ноябрь айындагы айрым соттук өкүмдөрдү сунуштайт.

Ымыркай саткан дарыгерлер

Задержание мужчины, который демонстрировал пистолет в прямом эфире Instagram в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Кайгуул кызматы чыкса, ат". Тапанча менен түз эфирге чыккан жигит кармалды. Видео
Борбор калаадагы жеке медициналык клиникалардын биринде иштеген ак халатчандар боюнан алдырууга келген келинге дары берип төрөтүп, ымыркайды көптөн бери балалуу боло албай жүргөн бүлөгө 1 500 долларга сатып жиберген. Бир нече күн өткөндөн кийин ал чүрпө сыркоолоп калып ооруканага түшкөн. Айыгып чыккандан кийин анын багып алган энеси наристени кайра берип салган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү ошондой эле мыйзамсыз документтерди даярдаган. Дарыгерлер мындай жоруктарын бир нече жолу жасап, төрөлгөн балдарды 1500 доллардан 3000 долларга чейин сатышкан. Жыйынтыгында фемида өкүлдөрү бир акушер-гинекологду сегиз жылга эркинен ажыратып, төрт жылга мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерде иштөө укугунан ажыратты. Калган бешөөнү "Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылдыгына, 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын он жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамынын негизинде жазадан бошотту.

Казынага 21 миллиондон ашык зыян келтирилген

Чет элдик эки жаран 2012-жылы Бишкек шаарында почта кызматын көргөзгөн фирма ачып, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан чыккан тамекилерди Канада, АКШ, Европага бажы төлөмдөрүн төлөбөй жөнөтүп турган. Укук коргоо кызматкерлери ишкананын документтерин карап чыгып, ишкерлер мамлекеттик казынага жалпы 21 миллион 405 миң сомдон ашык зыян келтиргендигин аныктаган. Айыпталуучулар аталган сумманы өлкө казынасына төлөп берип, камактан бошотулду.

Интернетке сүрөт жүктөп соттолгон ата

Киши решетканы кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРде канча киши түрмөдө отурат, канчасы оор кылмыш жасаган. Сандар
Чач тарач болуп иштеген жаш жигит интернет айдыңында диний сүрөттөрдү көчүрүп алып социалдык тармактар аркылуу бөлүшкөн. Милиция кызматкерлери андагы символикалар КРде тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык экендигин аныктаган. Сот отурумунда шектүү аталган уюмга тиешеси жок экенин жана алардын идеологиясын жактабай турганын айткан. Бирок бир баланын атасы үч жылга эркинен ажыратылды.

Аялын өлтүрө сабап жоголгон эргул

Он жыл мурун мас болуп алып боюнда бар аялын түн ортосунда көчөдө катуу сабап койгон. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип бети-башы канжалаган жаш келинди ооруканага алып кетип, милиционерлер кызыл камчыны колго түшүргөн. Бир күн өткөндөн кийин кош бойлуу аял эсине келбей ооруканада көз жумган. Ал эми камактагы эргул тергөө учурунда прокуратуранын имаратынан чыгып баратып погончондорго күч колдонуп качып кеткен. Адам өмүрүн алган шектүү он жыл жашынып жүрүп паспортун алмаштырып, башкага үйлөнүп, эки балалуу болгонго жетишкен. Эми зөөкүр он жыл темир тор артында болот.

Мыкаачы кылмышкер

Спецназ задержал племянника покойного Рысбека Акматбаева. Видео - Sputnik Кыргызстан
Спецназ маркум Рысбек Акматбаевдин инисин кармады. Видео
Ширетүүчү болуп иштеген 51 жаштагы жаран улгайган аялдын үйүнө түн ортосунда кирип жеңил акча табууга аракет кылган. Пенсия курагындагы кожейке ойгонуп кеткен. Кылмышкер анын колу-бутун байлап зордуктап, андан соң муунтуп өлтүрүп, окуя болгон жерден кетип калган. Соттук-медициналык экспертиза аял аба жетпей көз жумгандыгын аныктаган. Эми мурда сот жоопкерчилигине тартылган мыкаачы 20 жыл өмүрүн абакта  өткөрүп, мамлекетке 100 миң сом төлөйт.

Элден 300 миң сомго жакын акча алып...

Кылмышка шектүү катары милициянын колуна түшкөн эркек Ош шаары менен Ош облусунун аймагында каржы пирамидасы менен алектенген. Ал жергиликтүү тургундардан ири суммадагы акча каражатын алып, аларды "иштебесеңер деле берген акчаңар ай сайын көбөйүп турат" деп ишендирген.

Жалпы ал шылуун элден 300 миң сомго жакын акча чогулткан. Жеңил акча табууга бел байлаган киши эми 80 миң сом айып пул төлөп, эки жыл сегиз ай темир тор артында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0