https://sputnik.kg/20201130/100-kilogrammga-zhakyn-aryktagan-ayal-keneshterin-aytty-1050610282.html
100 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун жолдорун айтып берди. Сүрөт
100 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун жолдорун айтып берди. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Америкалык Жеки Робертс жүз килограмм салмактан арылган соң өзүн кадимкидей сергек сезип калгандыгын айтып берген. Эми ал дагы 45 килограммга арыктоону максат... 30.11.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-11-30T09:57+0600
2020-11-30T09:57+0600
2021-12-15T16:08+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/1e/1050610375_0:0:3098:1753_1920x0_80_0_0_fc857efda821926a26ad9cdccd8fd630.jpg
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/1e/1050610375_0:0:3098:1949_1920x0_80_0_0_fe2103e8a955cda449abc5c8b5321962.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, акш, спорт
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, акш, спорт
100 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун жолдорун айтып берди. Сүрөт
09:57 30.11.2020 (Жаңыртылды: 16:08 15.12.2021) Америкалык Жеки Робертс жүз килограмм салмактан арылган соң өзүн кадимкидей сергек сезип калгандыгын айтып берген. Эми ал дагы 45 килограммга арыктоону максат кылып турат.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. АКШдагы Мичиган штатынын 38 жаштагы жашоочусу Жеки Робертс 97 килограммга арыктагандыгын РИА Новости жазды.
Мындай жыйынтыкка ал бир нече жылдык эмгегинин артында жеткен. Аял арыктоо туурасында кичинекей тууганы жарыкка келгенден кийин ойлоно баштаган. Себеби өтө толуктугу баланы колуна алып же аны ойнотууга мүмкүнчүлүк бербей турганы айтпаса да түшүнүктүү эле. Жеки Робертстин салмагы ал учурда 250 килограммга жетип калган.

11 Тогуздун айы 2020, 08:32
Ошентип аял арыктоо камын көрө баштаган. Алгач кадимки тамактардан баш тартууга туура келген. Тагыраагы, эт менен таттууну такыр жебей калган. Тамакты ташытып ичкен адатты таштаган. Үч жылда аял 56 килограммга арыктаган. Андан соң жегендеринин көлөмүн азайып, сууну көп ичкенге өткөн. Мындан сырткары, спорт жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланат да, мунун аркасынан дагы 37 килограмм салмагын таштайт. Ошентип баш-аягы 97 килограммга арыктайт. Жеки Робертс мынчалык салмактан арылган соң өзүн жеңил жана сергек сезип калгандыгын айтып берген. Эми ал дагы 45 килограммга арыктоону максат кылып турганын кошумчалаган.
"Мендеги холестерин менен гликогемоглобиндин деңгээли ылдыйласын деп жатам. Кеп сенин сырткы көрүнүшүңдө эмес, кеп андан да маанилүү болгон — ден соолуктун чың болушунда", — деген Робертс.
Бул каарман аял негизи адамдын өз күчүнө ишениши өтө маанилүү экендигин айткан. Ал спорттук машыгууну өткөрүп жиберсе же ашыкча азык жеп алса, өзүн эч качан жемелеп, урушпаш керектигин белгилеген. Мындан сырткары, арыктоо үчүн убакыт керек дейт.