Түркия үчүн бул уюштурулган миграция – Түштүк Кавказда олуттуу жана узакка бекем орун алуунун кошумча мүмкүнчүлүгү. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет Түркиянын Карабахка карата жеке пландары тууралуу ой толгогон.
Тоолуу Карабахтагы куралдуу жаңжалга бир нече сириялык жалданма киши тартылган. Алар Түркиянын ортомчулугу менен согуштук аракеттер аймагына келип, Азербайжан тарапта иш алып барышты. Үч тараптуу макулдашуу түзүлүп, согуш токтогондон бүгүнкү күнгө дейре турист-террорчулардын мекенге кайтышы тууралуу эч нерсе белгисиз. Сириялыктар өз бүлөлөрү менен Азербайжанга кайтарылган райондорго жайгашары толук ыктымал.
Sky News Arabia телеканалынын маалыматына таянсак, түрк өкмөтү Сириянын түндүк-чыгышынан туркоман (Осмон империясына чейинки Жакынкы Чыгышта отурукташкан түрктөрдүн тукумдары) үй-бүлөлөрдүн Тоолуу Карабахтын райондоруна аймактын демографиясын өзгөртүү үчүн көчүрүлүшүнө көмөкчү (аларга азербайжан жарандыгын берүүнү убада кылышкан) болот. Түркиянын мындай трансформацияда тажрыйбасы бар, атап айтканда, Сириянын түндүк-чыгышындагы түпкү калкынын 7ден аз пайызы жашаган Африн калаасында ушундай аракет жасалган.
Бул долбоордо таң каларлык деле нерсе жок. Террорчулук тажрыйбасы бар бул туркомандар кыйла даярдыктан өткөн "аскердик контингент". Кайда жана кимге каршы болбосун аз акчага ыраазы болуп согуштук аракеттерге катыша беришет.
Ал эми Карабахтын мындай "кавказдык Косового" болжолдуу айланышы Анкарага бир тууган калкты каалаган убагында коргоп чыгууга мүмкүндүк берет. Түрк парламенти Азербайжанга күчтөрдү жөнөтүү маселесин жактырган. Анан да бул Түштүк Кавказга карата ири геосаясий оюндун башталышы гана. Ага Россия Федерациясында ишмердигине тыюу салынган "Жебхат ан-Нусра", "Фиркат Хамза", "Султан Мурад" жана бир катар экстремисттик күрд топтору катышып калышы да ажеп эмес.
Кавказдагы жаңы "жоокерлер"
Түркия тарап Азербайжанга жалданма согушкерлердин жөнөтүлгөнүн расмий түрдө төгүндөп, ондогон жылдар бою Түркия бийлигине каршы күрөшүп келе жаткан Күрдстандын Жумушчу партиясынын согушкерлери Арменияны колдоп жатканы тууралуу билдирет. Бакудагылар да Сирия жана Ливандан жалданма жоокерлер Армения тарапта болушу мүмкүн, бирок эми актуалдуулугу жоктугун белгилешет. Ансыз да кылдын учундагы тынчтык мезгилдин сынагынан өтүүдө. Баскан жолу шектүү жакынкы чыгыштык "колонисттерди" жөнөткөндүн ордуна, Карабах туңгуюгунан чыгуу үчүн дипломатиялык арга издөө зарыл.
Эске салсак, Латакия жана Алепподо 100 миңдин тегерегинде сириялык туркоман турат. Алар бир катар террордук уюмдар менен байланышта, көп жылдардан бери Сирия Араб Республикасынын өкмөттүк күчтөрү менен согушканы тыйыла элек. Түркия бийлиги туркомандардын куралдуу түзүмдөрүн колдоп келет.
"Ронаи" күрд маданиятынын азербайжан борборунун жетекчиси Фахраддин Пашаевдин санагында ушул тапта Азербайжанда 240 миң чакты күрд жашайт. Бирок Түркия Тоолуу Карабахка жакынкы чыгыштык күрддөрдү эмес, тек гана туркомандарды үй-бүлөлөрү менен көчүрүүгө ниеттенет. Мында армениялык калкты айтпай эле коелу, мындай кадам Азербайжанга пайда алып келеби?
1923-жылдагы эл каттоодо Тоолуу Карабах автономиялык облусунда армяндар 94%ды түзгөн, 6%ы гана негизинен азербайжан деп көрсөтүлгөн. Күрддөр жана орустар абдан азчылыктын катарында эле. Совет бийлигинин тушунда Карабахта армян калкынын саны 77 пайызга азайып, азербайжандар 21%дан ашуун эле. 1990-жылдын башындагы согуштун таасиринен демографиялык курамды тактоо кыйын болуп калган.
Армиянын күндөлүгү
Тоолуу Карабахтын армениялык бөлүгүндөгү тынчтык орнотуучулардын россиялык тобу согуштан кийинки турмушту жөнгө салууга болгон аракетин жумшоодо. Инженердик-сапердук бөлүктөр инженердик чалгындоо, жолдорду минадан арылтуу, жалпы колдонуудагы көчөлөрдөн өрттөнгөн техникаларды чыгарып жатышат.
Степанакертта жол кыймылы, жарандык инфраструктуранын социалдык объектилеринин жана турак үйлөрдү электр-суу менен камсыз кылуу калыбына келтирилди. Гуманитардык борбор иштеп, аэромобилдик госпиталь уюштурулган. Россиялык тынчтык орнотуучулар качкындарды ташыган автобустарды коштоп жүрүшөт. Бир нече миң жергиликтүү тургун үйлөрүнө кайтты.
9-ноябрда Азербайжан Республикасы, Россия Федерациясы жана Армениянын премьер-министри тарабынан кол коюлган үч тараптуу макулдашууга ылайык 25-ноябрда азербайжан армиясынын бөлүгү Келбажар районуна кирди. 20-ноябрда Бакунун көзөмөлүнө Агдам району өттү. Жакында, тагыраагы, 1-декабрда Лачин району өткөрүлөт. Россиялык тынчтык орнотуучулардын ортомчулугу менен Азербайжан тарапка аймактардын өткөрүлүшү 1992-жылдагы качкындарды дароо кайтарууну карабайт.
Мурда Азербайжан президенти Ильхам Алиев Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар, ТИМ башчысы Мевлют Чавушолу, чалгын кызматынын жетекчиси Хакан Фидан жана кургактагы күчтөрдүн командачысы Умит Дүндар менен болгон жолугушуусунда жаңжалды чечүүдө Россия менен Түркиянын "тең укуктуу ролу" тууралуу билдирген.
Түрк аскердик кеңешчилер өлкөдө кеңири таанылган. Карабахтан обочо, бирок Армения менен чектешкен Нахичеван автономиясында алардын көп санда болушу Баку менен Анкаранын "армениялык фронттун" бардыгында чоң согушка башынан камынышканын далилдейт. Россия согуштук аракеттерди тең укуктуу токтото алды, кыязы ага баары тегиз канааттанышкан жок.
Түркия коргоо министри Хулуси Акар 24-ноябрда РФ менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын, үч тараптуу макулдашууга жетишилгенден кийин Карабахтагы байкоо пункттарынын ортосунда түрк күзөтү пландалганын айтты. Анын ошол билдирүүсүндөгү эң урунттуу учур катары: "Биз муну Азербайжан менен сүйлөшүүлөрүбүзгө ылайык ишке ашырабыз" дегенин белгилесек болчудай.
Кеп биргелешкен мониторинг борбору туурасында эмес экени айдан ачык. Анкара региондун кызыкчылыгына жана жаңдалдашкан тараптарды тынчтыкка үндөө керектигине кайчы келген аракетке барууга даяр. Карабахтагы "жаңы тынчтык" кимгедир аябай жолтоо болуп жаткан көрүнөт.