БИШКЕК, 26-ноя. – Sputnik. Келерки жылы Кыргызстандын экономикасын эмне күтүп жатышы ыктымалдыгын Евразия өнүктүрүү банкынын мамлекеттер аралык анализ борборунун улук аналитиги Айгүл Бердигулова билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн Москва — Ереван — Минск — Бишкек — Нур-Султан "ЕАБР өлкөлөрүнүн 2021-жылдагы экономикасы – Кыргызстан үчүн божомол" аттуу видеокөпүрөгө катышты.
Эксперт белгилегендей, төмөндө айтыла турган божомол республикада саясий туруктуулук болгондо гана ишке ашат.
"Биздин божомол боюнча, Кыргызстанда саясий туруктуулук сактала турган болсо өлкө экономикасы 3,7 пайызга өсөт. Бул үчүн чет өлкөдөн которулган каражаттын агымы турукташып, кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө пунктулары толук кандуу ишке кириши керек", — деди Бердигулова.
"Дүйнө жүзүндө баалардын өсүшү өлкө ичиндеги азык-түлүктүн баасына таасир этет. Келерки жылы дүйнөдө суу май, кумшекер жана буудайга болгон баа ылдыйлап, инфляция 5 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн", — деди Бердигулова.
Анын айтымында, салык кирешелери төмөндөгөнү менен Кыргызстандагы салык-бюджеттик саясат туруктуу.
"Мамлекет пайда болгон боштукту жабуу үчүн жеңилдетилген насыяларды алды. Бул каражаттан 14 миллиард сомду мамлекет жеңилдетилген кредит берүүгө пайдаланды, бул — ИДПнын 2,4 пайызы. Биздин оюбузча, мындай кадам быйыл ИДПнын 0,2-0,4 пайызга колдоду", — деди ал.
Бердигулова акча-насыялык саясат салыштырмалуу туруктуу экенин белгиледи.
"Коюм 5 пайыздык деңгээлде сакталып калды. Биздин божомол боюнча, келерки жылы деле ушундай деңгээлде болот", — деп кошумчалады адис.
Бердигулова Кыргызстандын экномикасынын төмөндөшүнө себеп болгон төрт факторду атады:
- чек аралардын жабылышы;
- мигранттардын акча которуусунун төмөндөшү;
- туруксуз саясий кырдаал;
- Кумтөрдөгү алтындын көлөмүнүн азайышы.