Кеп мында шарттуу "америкалык тек полярдуу дүйнөгө" каршы кандайдыр кутум же XX кылымдын экинчи жарымындагы үлгүдө "бөгөт коюучу тирешти" жаратуу аракетинде деле эмес. Ааламдашуудан четтөө жана көп полярдуулук — вашингтондук же брюсселдик "башкы борборлордун" бул туурасындагы пикирлерине карабастан, бүгүнкү күндүн чындыгы. Серепчи Иван Данилов ушундай ойдун учугун чубаган.
Маселенин баары бирдиктүү дүйнөлүк саясий күн тартибинин да, аны талкуулоонун бирдиктүү саясий тилинин да жоктугунда. Анан калса дүйнөлүк коомчулук багыт ала турган кандайдыр "геосаясий камертон" да колго илинчүдөй эмес.
Көрүнүктүү бир нече мисал өзүнөн өзү келип чыгат. "Үлкөн жыйырманын" чоң саммитинде Кытай Эл Республикасы өлкөлөр ортосундагы кыймыл бөгөттөрүн алууга жол берген кандайдыр бир санарип механизм иштеп чыгууну сунуштады. КЭР жетекчилигинин айтымында, бул дүйнөлүк экономикага, эл аралык соода жана туризмди калыптандырууга (көптөгөн, анын ичинде абдан жарды мамлекеттер үчүн да абдан маанилүү) чоң колдоо көрсөтмөк. Кытай тесттердин жыйынтыгына негизделген "Саламаттык QR-кодун" өз ара таануунун эл аралык механизмин түзүүнү сунуштады.
"Буга дүйнөнүн көп өлкөлөрү жана аймактары кошулат деген үмүттөмүн", — деди Си Цзиньпин.
Калыс караганда, белгилүү бир турист, дипломат же ишкер сак-саламат экенин, өлкөлөрдүн чек арасынан карантинсиз өтүүгө, ошондой эле мекенине обочолонуусуз кайтууга, коронавирустан улам жабык турган чек аралардан кыйгап өтүүгө мүмкүнчүлүк берген эл аралык жана жалпы таанылган "санарип тастыктоо" механизми – дурус демилге. Бул чара азыр каралып, салыштырмалуу жеңил түрдө ишке киргизилсе деле болмок, бирок аны жакын арада глобалдык деңгээлде жайылтуу дегеле мүмкүн эмес. Болду-болбоду, мындай чара КЭР төрагасы Си тарабынан сунушталгандыктан ишке ашпайт. Себеби батыш лидерлерине расмий Пекиндин (айрыкча кытай маалыматтык технологияларынын өркүндөшүнө басым жасалган) сунуштарын принципиалдуу түрдө кабылдоого болбойт. Антпесе батыштагылардын аброюна доо кетип калат окшобойбу.
Кийинки мисал коронавирустан сактоочу вакцинанын кедей өлкөлөр үчүн өтө кымбаттыгына байланыштуу. Эгер эмдөө болбосо, андай мамлекеттер планетада оор кесепеттерге алып келген "коронавирус очогу" бойдон калышы толук ыктымал. Владимир Путин өз сөзүндө эмдөөнү тегиз камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
Россия өз окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан вакцинасын жардамга муктаж өлкөлөргө берүүгө даяр. Бул – адамдын аденовирустук векторлорунун платформасында дүйнөдө биринчи ирет катталган "Спутник V" вакцинасы. Ага удаа эле россиялык экинчи вакцина – Новосибирск илимий борборунун "ЭпиВакКорона" каражаты да даяр. Үчүнчү россиялык вакцинанын даярдалышы да ыраак эмес.
Пандемиянын масштабы бизди колубуздагы бардык ресурстарды жана иштелмелерди пайдаланууга милдеттендирет. Жалпы максатыбыз — вакциналык препараттардын портфелин түзүү жана планетанын бардык калкын ынанымдуу коргоону камсыз кылуу. Демек, урматтуу кесиптештер, иш баарыбызга жетет. Менимче, атаандаштыктан кача албай турган учурда биз эң оболу гуманитардык мүнөздөгү түшүнүк менен дал ушул нукта жылууга тийишпиз" – деди РФ президенти.
Декларативдик деңгээлде баары жайында болот, бирок "Үлкөн жыйырма" жакыр мамлекеттердин калкын эмдөөнү каржылоочу орток фонд түзүүнү болжогон белгилүү бир аракеттерге жалпысынан макул болбойт. Анткени бул үчүн жеткиликтүү жана натыйжалуу эмдөөнү пайдалануу керек. Бул, албетте, америкалык жана европалык аналогдорунан арзан, Pfizer вакцинасынан минус 70 градусту талап кылбаган дал россиялык "Sputnik V" вакцинасын колдонууну талап кылары бышык. Pfizer вакцинасы Түштүк Африка, Африка жана Чыгыш Европа түгүл америкалык медициналык инфраструктурада да олуттуу көйгөйлөргө кабылтпай койбойт. Вашингтон менен Брюсселдин көз карашында вакцина россиялык болгону (кытай вакцинасы деле ошондой кабылданат) үчүн алар бул күрөшкө караандаткылары жок.
Владимир Путин "атаандаштыкты" четке таштап, гумандуулукка үндөдү. Бирок анын чакырыгына россиялык жана кытай вакциналарын каралоо боюнча батыш маалымат каражаттарындагы маалыматтык-пропагандисттик кампаниясы токтобой келе жаткан шартта баары кулак салары арсар.
"Үлкөн жыйырманын" саммитинде эч кандай өз алдынча диалог курулбаган (дүйнөлүк лидерлердин монологдор түрмөгү эле жаңырды) темалардын тизмеги муну менен түгөнүп калбайт: Дүйнөлүк соода уюмунун реформасы, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн валюталык карыз маселелери, протекционизмге бет алган глобалдык көрүнүш...
G20 саммитинин өз алдынчалуулугунун жоктугу дүйнө "геосаясий блоктордун" атаандаштыгына, анан калса Вашингтон үмүттөнгөндөй "америкалык дүйнөнүн" калыптанышына эмес, анык бир өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр деңгээлинде гана макулдашууга мүмкүн болчу дүйнөгө бет алганын толук тастыктап турат.
Формалдуу түрдө "Жыйырманын" дүйнөсү азыр жашап турганы менен иш жүзүндө белгилүү америкалык саясат таануучу Ян Бремердин айтканы чын чыкчудай. Саясий серепчи аны "G-нөл дүйнө" деп атаганы бар. Алар ар ким өзү үчүн жооп берген, мындай трансформация тездеген дүйнөгө нук алышты. Кыязы коронавирустун негизги тарыхый мурасы ушул болот өңдөнөт.