БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Финансы министрлиги Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн атайын эсеп ачуу боюнча чыккан токтом долбоорун жарыялады.
Анда бардык каалоочу жарандар, ишкерлер же юридикалык тараптар өлкөнүн карызын төлөө үчүн каражат которо алары жазылган. Эсеп ачууга калктын карыздан кутулууга көмөк көрсөтүү ниети менен кайрылганы негиз болгон. Мындай жол менен республикалык бюджетке келтирилген оорчулукту жеңилдетүүнү көздөп жатышат.
Ал эми кийинки жылга карата тышкы карызды тейлөө боюнча божомолду дагы айтышты. Анда төлөмдөр 19 миллиард 998 миллион 500 миң сом деп каралууда. Негизги суммасы — 14 миллиард 997 миллион 900 миң сом, пайызы — 5 миллиард 700 миң сом.
Финансисттер тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги 2025-2031-жылдарга туш келерин белгилейт. Ал учурда жыл сайын 400 миллион доллар которуп туруу шарт.
Буга чейин президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаров ишкерлерден, мигранттардан жана карапайым жарандардан тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачуу сунушу түшкөндүктөн, президенттик фонд катары ачыларын билдирген.