Бакиевдин дооруна кайтып баратабыз! Жаңы Конституцияны сынга алган соцтармак

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Курманбек Бакиевдин сүрөтү. Архив
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары кечээтен бери жаңы Конституциянын долбоорун талкуулашууда. Айрымдары анын ичиндеги каталарды таап жибергенге да жетишкен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы Конституциянын долбоору эл ичинде кандай пикир жаратып жатканына кызыгып көрдү.

Белгилей кетсек, кечээ кечинде Кыргызстандын бардык аймагында референдумду 2021-жылдын 10-январына дайындоо боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Анда азыркы Конституцияны өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелегени жазылат.

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясындагы жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент ээ боло турган жаңы укуктар. Конституция менен жаңы долбоорду салыштыруу
Соцтармак колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү жаңы Баш мыйзамдын долбооруна нааразы жана каршы оюн айтышты.

Пикир калтыргандар Баш мыйзам президент үчүн жазылганын айтып, аны "Ханституция" деп атап коюшкан.

Соцтармак колдонуучусу Жакшылык Матанов жаңы Конституцияны тааныбай турганын жана парламентаризмди жок кылууга каршы экенин билдирген.

Гуля Алмамбетова аттуу колдонуучу бул Баш мыйзамды ким жазса, ал адам дал ушундан өлөт деген пикирин калтырган.

​Төлөгөн Сулайманов аттуу колдонуучу жаңы Конституция жеке бир адамдын кызыкчылыгын күчөтүү үчүн кабыл алынганы жатканын жазган.

Өзгөрүлө турчу Баш мыйзамдын долбоорунан ката тапкандар да чыкты. Токтосун Шамбетов аттуу колдонуучу Баш мыйзамдын 57-беренеси эки тилде эки башка жазылганын айтып чыккан.

Айрымдары ыр чыгарып жибергенге да жетишкен.

Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары да интернет аркылуу оюн билдиришти. Эл өкүлү Эмил Токтошев жаңы сунушталган Конституция долбоорунун автору болуп калганын социалдык тармактан көргөнүн билдирди.

Депутат Дастан Бекешев өлкө Бакиевдин мезгилине кайра кайтып баратат деген оюн жазган.

"Бизди оор мезгил күтүп турат. 80 депутаттын арты менен биз кайра артка кетип, авторитардык режимге багыт алдык. Президенттин аппаратында Конституциянын долбоорун ошол эле Бакиевдин юристтери жазып жатат", — деген эл өкүлү.

Кээ бир колдонуучулар президенттик өлкө болбой турганын айтышса, айрымдар бири-бирине көңүл да айтып жиберишкен.

Интернет колдонуучулары октябрда революция бул үчүн жасалбаганын да белгилешип, жаңы жазылган Баш мыйзам ЖМКлардын ишине ачык эле тоскоолдук жаратарын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0