Жанар Акаев ИИМге суракка чакыртылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутатка жиберилген чакыруу кагазында эл өкүлү күбө катары тергөөчүгө эртең, 19-ноябрда, келиши керек деп жазылган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылды. Бул тууралуу "Короче" Telegram-каналы маалымдап, чакыртма кагазынын сүрөтүн жарыялады. 

Анда эл өкүлү күбө катары тергөөчүгө эртең, 19-ноябрда, келиши керек деп жазылган.

Акаев кайсы иш боюнча суралары азырынча белгисиз.

ИИМдин маалымат кызматы бул тууралуу документти тактап, кийинчерээк билдирүү таратарын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0