Ошол эмгектерди тартуу маалындагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги таап чыкты. Бул жолу КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун "Көчө" кинотасмасы жөнүндө кеп кылып, мыкты сүрөттөрдү сунуштайбыз.
Белгилүү режиссёр Геннадий Базаров 1972-жылы жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармасынын негизинде "Көчө" кинокартинасын тартууга киришип, ага Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын таланттуу актёрлору катышкан. Муратбек Рыскулов, Исмаилбек Абдубачаев, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Чоро Думанаев, Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева, Светлана Евдокимова жана башкалар образ жараткан.
Ал кинофильм Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн Беш-Кемпир айылынын тургундарынын турмушун, элеттиктердин кылык-жоругун чагылдырат.
"Көчөнү" жаратууда операторлук милдетти Марлес Туратбеков, экинчи режиссёр кызматын Төлөгөн Сыдыков аткарган. Базаровдун эмгегинин көпчүлүк бөлүгү Ош облусунда тартылып, чыгармачыл процесс үч-төрт айга созулган.

Тасма тартуу үчүн түтүктөр менен жамгыр жаадырган киночулар

СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана жаш сценарист Төлөгөн Сыдыков

3/12
© Фото / Александр Федоров
Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Ош облусу, 1972-жыл

4/12
© Фото / Александр Федоров
СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов айылдык абышканын образында

5/12
© Фото / из семейного архива Туратбековых
Операторлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров

6/12
© Фото / Александр Федотов
Солдон оңду көздөй: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев, жаш актрисалар: Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева, Светлана Евдокимова жана Насыр Кытаев

7/12
© Фото / из семейного архива Туратбековых
Актёр Насыр Кытаев, оператор Марлес Туратбеков жана киночулар иш маалында

8/12
© Фото / из семейного архива Туратбековых
Залкар актёр Муратбек Рыскулов менен жаш оператор Марлес Туратбеков

9/12
© Фото / из семейного архива Туратбековых
Режиссёр Геннадий Базаровдун айтылуу "Көчө" фильмине Туратбеков оператор болгон

10/12
© Фото / Александр Федоров
Маликенин ролун ойногон Мамлакат Кылычева менен режиссёр Геннадий Базаров

11/12
© Фото / Александр Федоров
Кыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев

12/12
© Фото / Александр Федоров
Эс алып отурган актёрлор
