БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Тайырбек Сарпашевдин үйүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы кабарлап, видео жөнөттү.
Буга чейин Финпол мамлекеттик кызмат, сот тутуму жана бир катар мекемелердин жетекчилери катышкан коррупциялык схеманы аныктаганы айтылган.
Тергөөгө ылайык, 2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү соттун чечимдерин жасалмалап, Максим Бакиевге жакын кишилердин мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгартышкан. Алар муну менен "Г.Э" ишканасынын кызыкчылыгын көздөшкөн.
![Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Тайырбек Сарпашевдин үйүн тинтүүгө алды Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Тайырбек Сарпашевдин үйүн тинтүүгө алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0c/1050402333_91:0:831:465_600x0_80_0_0_7d1b11af435cce01d9faeb440e28194c.jpg)
![Буга чейин Финпол мамлекеттик кызмат, сот тутуму жана бир катар мекемелердин жетекчилери катышкан коррупциялык схеманы аныктаганы айтылган Буга чейин Финпол мамлекеттик кызмат, сот тутуму жана бир катар мекемелердин жетекчилери катышкан коррупциялык схеманы аныктаганы айтылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0c/1050402327_139:0:879:465_600x0_80_0_0_8a908b28d80228a98ad234c5102ee45c.jpg)
![Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 2015-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 2015-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0c/1050402339_98:0:838:465_600x0_80_0_0_7a09e0622762255f583bbb17933f7949.jpg)
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголгон.
Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 2015-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген.