00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мамлекеттик кызматка жаштарды тартууну улантабыз. Жапаров жаштарды куттуктады

Жазылуу
Жапаров жаштар өлкөнү алдыга сүрөп туруучу кыймылдаткыч күч экендигин жана ар бир жасаган ийгиликтүү иштердин алдында коомдун дал ушул катмары турарын айткан.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өлкөдөгү болуп жаткан адилетсиздиктин, максатсыз кадамдардын, мыйзамсыз иштердин алдына бөгөт коюп, бийликтен адилеттүүлүктү талап кылган биздин жаштар болду. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун бүгүнкү, Жаштар күнү менен куттуктоосунда айтылат.

Жапаров жаштарды ар тараптуу колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын билдирген.

"Ар качан жаштардын демилгелерин, инновациялык долбоорлорун колдоп беребиз жана мамлекеттик кызматка жаштарды тартууну улантабыз", — деген Жапаров.

Ыктыярчы Адинайдын аты берилген сейил бактын көрүнүшү. Сүрөттөр

Ал жаштар өлкөнү алдыга сүрөп туруучу кыймылдаткыч күч экендигин жана ар бир жасаган ийгиликтүү иштердин алдында жаштар турары талашсыз экендигин айткан.

"Өлкөдөгү болуп жаткан адилетсиздиктин, максатсыз кадамдардын, мыйзамсыз иштердин алдына бөгөт коюп, бийликтен адилеттүүлүктү талап кылган дагы биздин жаштар болду. Кыргызстандын өсүп келе жаткан жаш муундарынын арасында дүйнөдө чоң ийгиликтерге жетишип, бийик чокуларды багындырган жаштардын аз эмес экендиги бизди кубандырбай койбойт", — деген Жапаров.

Ал дүйнөнү түйшөлткөн COVID-19 инфекциясы Кыргызстанга тараган учурда, татаал шарттарга кабылганда миңдеген жаш улан-кыздар четте карап турбагандыгын эске салган.

"Алар эрдик жана эрктүүлүк көрсөтүп, өздөрүнүн курбалдаштарына үлгү болуп бере алышты. Жаштар ыктыярчылардын катарын толуктап, бүткүл дүйнө жүзүнө адамдагы эң мыкты сапаттарды: кайрымдуулукту, боорукерликти, патриоттуулукту жана айкөлдүктү көрсөтө алышты", — деп айтылат куттуктоодо.

Коомго кошкон салымыңарды баалайбыз! Жапаров маданият өкүлдөрүн куттуктады

Эске салсак, бул пандемия учурунда жаштар өлкөдө зор күч болуп, ыктыярчылар бир нече мекендештин өмүрүн сактап калган. Алардын арасында ооруну жугузуп алып көз жумган Адинай Мырзабекова бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0