БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаевдин абактагы сүрөтү тарады.
Сүрөт №47 колонияда сейилдөө учурунда тартылганы айтылып жатат. Мурдагы президент аталган колонияга бир жума мурда которулган.
Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которулган. Буга байланыштуу мурдагы президент ачкачылык жарыялаган. 28-октябрда №47 абакка жөнөтүлүп, ачкачылыгын токтоткон.