Өлкөнүн түштүгүндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар болгон жок

© AFP / TED ALJIBEСейсмографтын маалыматтары. Архив
Сейсмографтын маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн саат 13:38де Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер силкинип, очогунда 6 баллга жеткен.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын түштүгүндө катталган жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, саат 13:38де Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер силкинип, очогунда 6 баллга жеткен.

Кыргызстанда октябрь ичинде 19 жолу жер титиреген

Ал эми Ош шаарында 3 балл, Ноокат районунун Ноокат, Жаңы-Ноокат айылдарында, Араван районунун Араван айылында 3 баллга чейин сезилген. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жана Тамаша, Орозбеков айылдарында 5 балл, Кадамжай шаары менен Пүлгөн айылында 6 баллга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0