БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 436 кишиден коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 332 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Ага ылайык, вирус жуктургандардын көбү мурдагыдай эле Бишкек шаары жана Жалал-Абад, Баткен облустарында.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары – 112;
- Ош шаары – 32;
- Чүй облусу – 18;
- Ош облусу – 27;
- Талас облусу – 15;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 41;
- Жалал-Абад облусу – 108;
- Баткен облусу – 80.
Чүчкүргөндө же жөтөлгөндө адам өзүн токтотушу керекпи. Адистин жообу
Айыккандар:
- Бишкек шаары – 60;
- Ош шаары – 27;
- Чүй облусу – 41;
- Ош облусу – 25;
- Талас облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 19;
- Жалал-Абад облусу – 82;
- Баткен облусу – 75.
Жалпысынан алганда коронавирус жуктургандардын саны 59 879га жетип, анын ичинен 50 741и айыкты.
Акыркы суткада 1 393 ПЦР-тест жүргүзүлгөн.
Кечээ Баткенде эки, Ош облусунда бир медиктен COVID табылып, беш медицина кызматкери ооруну жеңгени маалым болду.
