Новиков: салыктагы эски ыкмалар ишкерликти өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратууда

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Артем Новиков мамлекеттик салык кызматынын ишкерлери менен
Биринчи вице-премьер Артем Новиков мамлекеттик салык кызматынын ишкерлери менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер өкмөт салыктык талаштар боюнча бейтарап сотторду түзүү чечимдерди сунуштай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Салыкты башкаруунун эски ыкмалары натыйжасыз гана болбостон, ишкерлик чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Артем Новиков билдиргенин өкмөттөн маалымдашты.

Ал Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) ишинин 9 айлык жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынына катышкан.

“Биринчи вице-премьер салык кызматы тарабынан болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча жасалган аракеттерге оң баасын берди. Аны менен катар бир нече кемчиликтерди көрсөтүп берди. МСК “жазалоочу органдын” образынан кайтып, калк жана бизнес үчүн кызмат көрсөтүүчү органга айланышы керек. Бул Салык кызматын реформалоо, санариптештирүү, салык төлөөчүлөр менен байланышты электрондук форматка ыкчам түрдө өткөрүү жолу аркылуу ишке ашырылат”, — деди Новиков.

Ошондой эле ал өкмөт салыктык текшерүүлөрдү кыскартуу, текшерүү жана апелляциялык арыздарды кароо функциясын аутсорсингге өткөрүп берүүнү жана салыктык талаштар боюнча бейтарап сотторду түзүүнү сунуштай турганын белгиледи.

“Мамлекеттин бардык чыгымдарын жабуу салыктык кирешелердин эсебинен ишке ашырылуусу тийиш. Ал эми тышкы жардамдар өлкө экономикасын өнүктүрүүгө багытталышы абзел. Бул милдет биринчи кезекте Салык кызматына жүктөлөт. Салыктарды башкаруунун эски ыкмалары натыйжасыз гана болбостон, ишкерлик чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратат”, — деди биринчи вице-премьер.

Новиков: товар өткөрүү маселесин Кытай менен эмки жумада сүйлөшөбүз

Андан соң Новиков “Смарт Салым” долбоорун ишке ашыруу алкагында Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорундагы “Бирдиктүү терезе” модернизацияланган тутумунун иши менен таанышты.

Жыйынтыгында вице-премьер мындай системаны республиканын бардык аймактарында ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0