Жогорку Кеңеш Эльвира Сурабалдиеваны вице-премьер кылып бекитти

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин экс-депутаты Эльвира Сурабалидева. Архив
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эльвира Сурабалидева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурабалдиеванын талапкерлигин биринчи вице-премьер Артем Новиков сунуштап, таржымалы менен тааныштырды.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалидеваны вице-премьерлик кызматка бекитти.

Анын талапкерлигин парламентке биринчи вице-премьер Артем Новиков сунуштап, таржымалын тааныштырды.

Андан соң эл өкүлдөрү талапкерге бир да суроо бербей, бир добуштан колдоп берди.

Эльвира Сурабалдиева 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал эми быйылкы шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0