Депутаттар Исмаилованы социалдык өнүктүрүү министри кызматына колдогон жок. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-депутат Аида Исмаилова. Архив
Экс-депутат Аида Исмаилова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында эл өкүлдөрү Исмаилованын буга чейинки иштерин катуу сындап, июль айындагы апаатка жоопкерчилигин сурашты.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырган жок.

Жыйында депутаттар Исмаилованын буга чейин жасаган иштерин катуу сынга алып, июль айында миңден ашуун адам коронавирустан каза болушуна моралдык жоопкерчилигин сурашты.

Натыйжада добуш берүүгө келгенде 34 депутат макулдугун берди. Мындан улам анын талапкерлиги колдоо таппай калды.

Исмаилованы министрлик кызматка бекитүү үчүн кеминде 50 депутаттын макулдугу каралмак.

Жогорку Кеңеш Эльвира Сурабалдиеваны вице-премьер кылып бекитти

Буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Улукбек Кочкоров иштеп жаткан.

Аида Исмаилова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Республика - Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде өкмөттүн социалдык тармагына жооптуу вице-премьер болуп дайындалган. Кечээ, 27-октябрда, өз арызынын негизинде кызматтан алынды.

Ал эми жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0