БИШКЕК, 27 окт — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу бүгүн кескин кымбаттап кетти.
Эртең менен эле америка валютасын сатып алуу 80.99, сатуу 81,38 сомду түзүп турган. Дүйшөмбүгө салыштырмалуу баа 55-56 тыйынга өстү.
Саат 15:00гө карата курс төмөндөгүдөй болууда:
- Сатып алуу — 81,4төн 81,65 сомго чейин;
- Сатуу — 81,8ден 81,9 сомго чейин.