Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрылуу керек? Телефондор

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүТелефон менен сүйлөшүп жаткан медициналык маска кийген кыз. Архив
Телефон менен сүйлөшүп жаткан медициналык маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер белгилегендей, коронавирус жуктуруп алган учурда адам чыйрыгып, кургак жөтөл башталып, бат чарчайт.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Республикалык штаб коронавируска кабылган бейтаптар үчүн ишенимдүү номерлерди жарыялады.

Телефон номерлер:

  • 118 — 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштейт;
  • 112 — күнү-түнү;
  • 103 — тез медициналык жардам борбору;
  • 1833 — маалымдама кызматы.

Мындан сырткары, COVID-19дун кеңири жайылган белгилерин дагы бир ирет жарыялаган.

Ага ылайык, коронавирус жуктуруп алган учурда адам чыйрыгып, кургак жөтөл башталып, бат чарчайт.

Кез-кезде пайда болгон белгилер:

  • жыт же даам сезбөө;
  • мурундун бүтүшү;
  • конъюктивит (же көздөрдүн кызарышы);
  • тамак оору;
  • баш оору;
  • булчуңдардын жана муундардын оорушу;
  • териде ар кандай бүдүрлөрдүн пайда болушу;
  • көңүл айлануу же кусуу;
  • ич өтүү;
  • чыйрыгуу же баш айлануу.

COVID-19дун оор формасынын белгилери:

  • дем алуунун жетишсиздиги;
  • табиттин жоголушу;
  • көкүрөктүн катуу оорушу же кысылуусу;
  • дене табынын көтөрүлүшү (38 градустан жогору).

Кыргызстанда COVID-19га каршы дары 1,5 айга жетет. Бир шарт бар...

Дарыгерлер жогорудагы белгилердин бири байкалган учурда адам сөзсүз өзүн изоляцияга алып, өз алдынча дарыланбоого чакырат. Ошондой эле Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен байланышып же штаб жарыялаган телефондорго чалуу кажет.

Жаңылыктар түрмөгү
0