https://sputnik.kg/20201023/kyrgyzstan-muzej-buyumdary-zhany-bujruk-1050169940.html
Кыргызстандагы музей буюмдарын башка мекемелерде сактоого тыюу салынды
Кыргызстандагы музей буюмдарын башка мекемелерде сактоого тыюу салынды
Sputnik Кыргызстан
Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинин фондуна кирип, Ак үйдө убактылуу сакталып турган баалуу сүрөттөр 6-октябрга караган түнү... 23.10.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-10-23T12:39+0600
2020-10-23T12:39+0600
2021-12-21T12:13+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/17/1050169971_0:26:3072:1764_1920x0_80_0_0_a45543d32d9800970e0e4654614a3d7d.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/17/1050169971_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_57747f38d7447de525dcc003aa4605ab.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, нуржигит кадырбеков
жаңылыктар, коом, кыргызстан, маданият, нуржигит кадырбеков
Кыргызстандагы музей буюмдарын башка мекемелерде сактоого тыюу салынды
12:39 23.10.2020 (Жаңыртылды: 12:13 21.12.2021) Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинин фондуна кирип, Ак үйдө убактылуу сакталып турган баалуу сүрөттөр 6-октябрга караган түнү элдик толкундоолор маалында жоголуп кеткен.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик музейлеринин музей фондунан буюмдарды өткөрүп берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койду.
"Музей буюмдарынын жана коллекцияларынын уурдалышын алдын алуу максатында мамлекеттик мекемелердин ички жасалгаларын кооздоо үчүн музей буюмдарын убактылуу пайдаланууга берүүгө жана көргөзмөлөрдү адистештирилбеген мекемелерде уюштурууга тыюу салынат", — деп айтылат билдирүүдө.
Буйуруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрликтин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлдү.
Маданият министрлиги Таластагы экспонаттарга бай музейди карамагына алат
Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинин фондуна кирип, Ак үйдө убактылуу сакталып турган баалуу сүрөттөр 6-октябрга караган түнү элдик толкундоолор маалында жоголуп кеткен. Маалыматка караганда, 20 эмгек президент жана өкмөттүн иш башкармалыгында 2010-жылдан бери убактылуу сакталып турган. Ак үйдөгү башаламандыктан кийин комиссия 12 эмгекти таап, калган сегизи жок экенин аныктаган. Алардын ичинде Сүймөнкул Чокморов, Гапар Айтиев, Сүйүтбек Төрөбеков сыяктуу чыгаандардын сүрөттөрү бар.