Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор КП "Бишкектеплоэнерго" Алимбек Абдылдаев
Директор КП Бишкектеплоэнерго Алимбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Ал бул кызматты 8 жыл жетектеген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев кечээ Финполго сурак берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Вице-мэр иштин ар тараптуу изилдениши үчүн кенен маалымат берген.

Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди

Абдылдаев бүгүндөн тарта кадимкидей иштеп, шаардын чарбалык көйгөйлөрүн чечип жатат.

Эске салсак, Абдылдаев 2011-жылдан 2019-жылга чейин "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасында эмгектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0