БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү, 19-октябрь күнү, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жергесинде +15...+20 жана Нарын аймагында +16...+21 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +22...+24, ал эми Ошто +24...+26 градуска чейин жетет.