БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Премьер-министрликке көрсөтүлгөн талапкер Садыр Жапаров "Кумтөр" алтын кенин мамлекетке кайтаруу оюнан кайтканын билдирди.
Андан депутат Талант Мамытов "Кумтөр" маселесинин аягына чыгасызбы деп сурады.
"2012-жылы ЖК депутаттары комиссия түзүп, "Кумтөрдү" толугу менен мамлекетке кайтаруу маселесин алып чыкканбыз. Бирок 35 гана депутат колдоп өтпөй калган. Сегиз жыл мурда мамлекетке алсак болот эле, азыр алуу пайдасыз. Себеби алтындын запасы калган жок. Бул тууралуу эки жыл мурун адвокатым аркылуу журналисттер суроо бергенде мамлекетке кайтаруу позициямдан кайтканымды айткам. Белгилеп кетейин, өкмөткө келгенде эле ою өзгөрүп кетиптир дешпесин. Мен бул позициямды эки жыл мурда эле айткам. Бирок Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүп Кыргызстандын пайдасына иштетебиз", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн жаңы курамын бекитип жатат.