Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековСадыр Жапаров на заседании ЖК в госрезиденции Ала-Арча, где рассматривается кандидатура на пост премьер-министра Кыргызстана
Садыр Жапаров на заседании ЖК в госрезиденции Ала-Арча, где рассматривается кандидатура на пост премьер-министра Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнү күн тартибине Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизүү жана өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо маселелери коюлган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри болуп Садыр Жапаров бир добуштан бекиди. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

Белгилей кетсек, ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат.

Бул күнү күн тартибине Бишкек шаарына өзгөчө абал режимин киргизүү жана өкмөттүн курамын дайындоо маселелери коюлган.

Садыр Жапаров: Жээнбеков арыз жазып кызматтан кетерин айтты

Эске салсак, Бишкек шаарында 5-октябрда Жогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын толкундоосу жаралып, кечке "Ала-Тоо" аянтында турган. Ал эми кечинде аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылган. Көп өтпөй эл кайрадан "Ала-Тоо" аянтына келип, андан соң Ак үйдү басып алган. Кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана бир катар саясатчыларды абактан бошотуп алган.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

7-октябрда ар кайсы ишканалар аларды басып алууга аракеттер болгонун айткан. Митинг уланып, митингчилердин бир бөлүгү Садыр Жапаровду колдосо, экинчиси люстрация мыйзамын талап кылган.

8-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбековго айрым депутаттар импичмент процедурасын баштаганын кабарлашты.

Бакиевдин тушунда бир катар кызматта иштеген. Садыр Жапаров тууралуу 11 факты

9-октябрда төрт партия башын бириктирип, премьерликке Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуштады. Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун колдоочулары "Ала-Тоо" аянтындагы митингге кошулуп, тараптардын ортосунда кагылышуу болгон. Атамбаевдин автоунаасына ок атылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0