БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров парламенттик кезексиз жыйында сүйлөп жатып, президент өкмөттүн курамы бекиген соң, кызматтан өз арызы менен кетүүгө даяр экенин айтканын билдирди.
Ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат.
Ага депутат Тазабек Икрамов "өкмөт башчы болуп келсеңиз, президент Сооронбай Жээнбеков менен иштешүүгө даярсызбы?" деген суроо берди.
"Мен президент Жээнбеков менен сүйлөштүм. Ал парламент өкмөттүн курамын бекитип берсеңер эле өз эрким менен кызматтан кетүүгө даярмын деп айтты", — деди Жапаров.
Өкмөт башчыга талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз сессиясында өзүнүн программасы менен тааныштырып, суроолорго жооп берип жатат.