Сын менен чырга жакын "Кыргызстандын" лидери Канат Исаев тууралуу 11 факты

© Фото / пресс-служба ЖККыргызстан" партиясынын лидери жана талапкерлердин тизмесинде биринчи болуп турган Канат Исаев. Архив
Кыргызстан партиясынын лидери жана талапкерлердин тизмесинде биринчи болуп турган Канат Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" партиясынын тагдыры шайлоого чукул эки ирет кылдын учунда турду. Алгач саясий уюм БШК менен соттошсо, кийинкиде талапкери — Дастан Жумабеков добуш сатып алды жана админресурсту колдонду деп айыпталган.

Акыры партия шайлоого катышып, андан жеңүүчү болду. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Кыргызстан" партиясынын лидери жана талапкерлердин тизмесинде биринчи болуп турган Канат Исаев тууралуу фактыларды топтоду.

Чүйдүн кулуну

Канатбек Исаев 1975-жылдын 7-февралында Чүй облусунун Кошой айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

Үй-бүлөсү

Канат Исаев 7 бир тууган. Агасы Талантбек Исаев ИИМдин Адистештирилген мамлекеттик коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын жетекчиси болгон. Ага чейин Жол кайгуул кызматын башкарган.

Атасы тууралуу ачык булактарда маалымат жок. Апасы Асымбүбү Ташыбаева 1941-жылы 12-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. Ал өмүрүнүн соңуна чейин мугалимдик кесипти аркалап, 50 жылдан ашык физика-математика сабагынан балдарга билим берген. Ошондой эле Баатыр эне ордени менен сыйланган, эл агартуучунун төш белгисине, ошондой эле КРдин эмгек сиңирген мугалими наамына татыган. Ташыбаева быйыл, 2020-жылы, 6-июлда 79 жаш курагында дүйнө cалды.

Депутаттар кесиптештери үчүн 230 жолу добуш берген. ЖКдагы жыйындар боюнча факты

Жеке жашоосу

Исаев келинчеги Жамиля менен мектепте окуп жүргөндө эле таанышкан. Учурда жубайлардын беш баласы бар. Улуусу Бермет экономист, былтыр турмуш жолуна аттанган. Экинчиси Чыңгыз шахмат боюнча бир нече мелдештин жеңүүчүсү. Андан кийинки балдарынын аты Тынай жана Канышай. Ошондой эле жубайлар былтыр кыздуу болушкан.

© Sputnik / Табылды КадырбековКанатбек Исаев 45 жашта. 1975-жылдын 7-февралында Чүй облусунун Кошой айылында төрөлгөн
Сын менен чырга жакын Кыргызстандын лидери Канат Исаев тууралуу 11 факты - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Исаев 45 жашта. 1975-жылдын 7-февралында Чүй облусунун Кошой айылында төрөлгөн

Жылкы баласына жакын

Исаев жаштайынан жылкыга жакын, ар дайым ат минип, улакка дагы түшөт. 2002-жылы көк бөрү боюнча "Тынай" аталышындагы профессионалдык команда түзгөн. 2011-жылдан тарта Көк бөрү федерациясын жетектей баштаган.

Эмгек жолун фискалдык органдарда иштөөдөн баштаган

Канат Исаев 1997-2000-жылдары Мамлекеттик салык кызматында, андан кийин Мамлекеттик салык инспекциясынын Свердлов райондук башкармалыгында стажер, инспектор, ага инспектор, башкы инспектор болуп эмгектенген.

2003-2008-жылдары болсо Чүй райондук кеңешинин депутаты, "Тынай-Ата" уюмунун төрагасы, Экономика жана каржы министрлигинде алдыңкы адис, Газ чарбачылыгы башкармалыгынын жетекчи орун басары, облустук башкармалыктын жетекчиси, башкы дирекциянын мүчөсү катары иштеген.

Токмокту башкарып турганда жемкорлукка айыпталган

Канат Исаев 2008-2010-жылы Токмок шаарынын мэри болгон. Ал бул кызматта жүргөн кезде муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деп "Коррупция" беренеси менен айыпталган. Бирок 2018-жылы берене "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деп өзгөртүлүп, мөөнөтү өтүп кеткендиктен иш кыскартылган.

Массалык башаламандык уюштурган деп УКМК кармаган

Канат Исаев 2017-жылы массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып, УКМК тарабынан кармалган.

Исаевден тышкары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганы айтылган. Башкы прокуратуранын тараткан маалыматы боюнча, Исаев эгер президенттикке талапкердин бири шайлоодо утулуп калса, массалык башаламандык уюштуруу, бийликти басып алуу боюнча айрым адамдар менен сүйлөшүп макулдашкан. Исаев кийинчерээк үй камагына чыгарылган.

© Фото / предоставлено Алмамбетом ШыкмаматовымИсаев органдар тарабынан жемкорлукка, массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга айыпталган. Кийин кылмыш иштери кыскарып, үй камагына чыккан
Сын менен чырга жакын Кыргызстандын лидери Канат Исаев тууралуу 11 факты - Sputnik Кыргызстан
Исаев органдар тарабынан жемкорлукка, массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга айыпталган. Кийин кылмыш иштери кыскарып, үй камагына чыккан

Агасы ал үчүн ИИМдеги кызматынан кеткен

Канат Исаевге жогорудагы кылмыш иштери козголгондон кийин агасы Талантбек Исаев ИИМдин Адистештирилген мамлекеттик күзөт кызмат башкармалыгынын жетекчилигинен өз каалоосу менен кеткен. Бирок кийинчерээк кайтып келерин, ал эми кайсы кызматка экендиги белгисиз экендигин айткан.

Сариев Исаевди керт башын ойлойт деп...

Экс-премьер-министр Темир Сариев Канат Исаевди Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендери боюнча чыккан жаңжалдын себепчилеринин бири деп атаган. Мурунку өкмөт башчы аны тендерге катышууга ниеттенген "Империя групп" компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыптап, Исаев мамлекет жана коом кызыкчылыгынан өзүнүн керт башынын пайдасын жогору коерун билдирген.

"Республиканы", андан кийин "Кыргызстанды" жетектеди

В 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын декабрь айынан баштап 2012-жылдын июнь айына чейин "Республика" фракциясын жетектеген. Андан соң фракциядан чыгып, "Бирдиктүү ынтымак" деген депутаттык топту жетектеген.

© Фото / штаб партии "Кыргызстан"Алгач 2010-жылы "Республика" партиясынан депутат болуп шайланган. Ал эми беш жылдан кийин "Кыргызстан" партиясынын эл өкүлү, фракция лидери болду
Сын менен чырга жакын Кыргызстандын лидери Канат Исаев тууралуу 11 факты - Sputnik Кыргызстан
Алгач 2010-жылы "Республика" партиясынан депутат болуп шайланган. Ал эми беш жылдан кийин "Кыргызстан" партиясынын эл өкүлү, фракция лидери болду

2013-2015-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары эмгектенип, парламенттик шайлоого катышууну чечкендиктен кызматын тапшырган.

2015-жылдын октябрь айынан баштап "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, фракция лидери болуп келе жатат.

Исаев жана көк бөрү чыры

Былтыр февралда Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов кызматтан кетип, анын ордуна дароо эле "Түндүк электр" ишканасынын директору Искендер Кадыркулов шайланган. Эртеси, Канат Исаев 2013-жылы Көк бөрү федерациясын жетектеп турганда Казакстан негиздеген "Түрк тилдүү элдердин салттык спорту ассоциациясына" мүчө болуп кирүүгө кол койгон деген документтер тарап, аны чыккынчы деп атагандар болгон. Бул документ Кыргызстан көкпарды эл аралык оюн катары таанып, өнүктүрүүгө макулдугун берди дегенди түшүндүрөт дешкен.

Өзү ал кол койгон документ кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келбейт деген.

"Ал ассоциацияга киргенибиз — улуттун кызыкчылыгына каршы келди дегенге туура келбейт. Мүчө болсо эле тай казан эрежеден алып салынат дегенди түшүндүрбөйт. Документтерди бирөө атайын таратууда. Муну атайын бирөө уюштурушу мүмкүн. Жетекчиликтен кеткенден кийин маселенин баарын башка бирөөгө оодарууга аракет жасалып жатат, ким каралап жатканын айтпай эле коёюн", — деген Исаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0